ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары «Венгрия менен Азербайжандын этникалык тамырлары» аттуу китептин бет ачарына катышты
1442
2026-жылдын 10-июнунда ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Талгат Адуов Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан Уюмдун штаб-квартирасында уюштурулган «Венгрия менен Азербайжандын этникалык тамырлары» аттуу китептин бет ачар аземине катышты.
Иш-чарага дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн, эл аралык уюмдардын, парламенттердин, академиялык чөйрөнүн жана маданий мекемелердин өкүлдөрү катышты.
Түрк мамлекеттер уюмунун Аксакалдар кеңешинин мүчөсү, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер, Элчи Хасан Хасановдун авторлугу менен даярдалып, Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан басылып чыккан китепте азербайжан жана венгр элдеринин тарыхый, тилдик жана маданий байланыштары изилденип, алардын байыркы түрк салттарына негизделген жалпы мурасы жана терең тарыхый байланыштары кеңири чагылдырылган.