ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Шайлоолор жана референдумдар боюнча тегерек столго катышты
Дата
Көрүү
175
2026-жылдын 20-февралында Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысынын орун басары Сакы Садыков мырза Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин мүчө мамлекеттеринин Парламенттер аралык Ассамблеясынын (КМШ ПА) тарабынан онлайн форматта уюштурулган «Шайлоолор жана референдумдар: байкоонун оптималдуу моделин издөө» аттуу тегерек столго онлайн форматта катышты.
Иш-чара «Шайлоолор жана референдумдар институтуна ишенимди калыптандыруу: эл аралык байкоонун ролу» аттуу Эл аралык илимий-практикалык конференциянын алкагында өткөрүлүп, КМШ ПАнын Демократияны, парламентаризмди өнүктүрүү жана жарандардын шайлоо укуктарын сактоого мониторинг жүргүзүү боюнча Эл аралык институтунун 20 жылдыгына арналган.
Тегерек столдун ишине КМШга мүчө мамлекеттердин борбордук шайлоо комиссияларынын, парламенттик комитеттеринин жетекчилери жана эксперттери, илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, ошондой эле эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар шайлоолорго жана референдумдарга эл аралык байкоо жүргүзүүнүн заманбап ыкмаларын талкуулап, коомчулуктун ишенимин бекемдөө жана мамлекеттердин шайлоо суверенитетин коргоо маселелерине өзгөчө көңүл бурушту. Талкуулардын алкагында укуктук жөнгө салуу, институттук моделдер жана регионалдык тажрыйбалар шайлоо процесстеринин ачыктыгын, легитимдүүлүгүн жана туруктуулугун жогорулатуудагы ролу белгиленди. Ошондой эле мониторинг жүргүзүү ишмердүүлүгүнүн саясий өңүттө пайдалануу тобокелдиктери жана эл аралык байкоо стандарттарын мындан ары өркүндөтүү жолдору каралды.
Өз сөзүндө ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орунбасары Сакы Садыков мырза, Элчи Рамил Хасандын атынан жылуу саламын жана жакшы каалоолорун жеткирип, бул маанилүү эл аралык иш-чарага катышып жаткандыгына канааттануусун билдирди. Ал эл аралык шайлоо байкоосунун коомдук ишенимди бекемдөөдө жана демократиялык башкарууну өнүктүрүүдөгү маанилүү ролун белгиледи. Ошондой эле Түрк мамлекеттерде шайлоолорго мониторинг жүргүзүүдөгү ТҮРКПАнын тажрыйбасына токтолуп, ачыктыкка, калыстыкка жана заманбап технологияларды колдонууга өзгөчө басым жасады. Садыков мырза ТҮРКПАнын шайлоолорго байкоо жургүзүү миссиялары парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоого, мыкты тажрыйбаларды алмашууга жана шайлоо жыйынтыктарына болгон ишенимди жогорулатууга өбөлгө түзөрүн баса белгиледи.
Иш-чара катышуучулардын пикир алмашуусу жана теманын алкагындагы талкуулар менен уланды.