TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын Башкы катчысы жана ТКТРнын Жыйынынын Төрагасы эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү

ТҮРКПАнын Башкы катчысы жана ТКТРнын Жыйынынын Төрагасы эки тараптуу жолугушуу өткөрүштү

Дата
Көрүү
180
2025-жылдын 11-июнунда Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Астанада ТҮРКПАнын 14-пленардык отурумунун алкагында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) Жыйынынын Төрагасы Зия Өзтүрклер менен жолугушту. Башкы катчы ТҮРКПАнын 14-пленардык отурумуна ТКТРнын Жыйынынын делегациясынын катышуусу үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ал ТКТРнын Түрк Мамлекеттер Уюмунда жана ТҮРКПАда байкоочу макамын алышы Түрк дүйнөсүнүн күчүнө күч кошконун белгиледи. Башкы катчы 2025-жылдын 28–31-майында Лефкошадагы ТҮРКПАнын колдоосу менен өткөн Түрк дүйнөсүнүн Аял парламентарийлеринин биринчи саммитинин ийгиликтүү уюштурулгандыгын белгилеп өттү. Парламенттин Төрагасы Зия Өзтүрклер ТҮРКПАнын 14-пленардык отурумуна катышууга жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынын атынан өкүлчүлүк кылууга мүмкүнчүлүк болгонуна кубанычта экендигин билдирди. Түндүк Кипр Түрк Республикасын Түрк дүйнөсүнүн ажырагыс бөлүгү катары атап, ал Түрк дүйнөсүнүн биримдиги менен ынтымагын сактоонун маанилүүлүгүн жана бул багытта системалуу иш алып баруунун зарылдыгын баса белгиледи. Төрага Зия Өзтүрклер ТҮРКПАнын 14-пленардык отурумуна ийгиликтерди каалады. ТКТР 2022-жылы Самаркандда өткөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун 9-саммиттинин алкагында байкоочу макамын алган. Кийинчерээк, 2023-жылы Анкара шаарында өткөн ТҮРКПАнын 12-пленардык отурумунун жүрүшүндө ТКТР байкоочу макамын алган.