ТҮРКПАнын Башкы катчысы Хасан мырза УБПнын төрагасы Дестижини кабыл алды
Дата
Көрүү
165
2025-жылдын 31-октябрында Улуу биримдик партиясынын (УБП) төрагасы Мустафа Дестижи мырза жана анын делегациясы ТҮРКПАнын Башкы катчысы Элчи Рамил Хасанды зыярат кылды.
Келгендигине канааттангандыгын билдирген Башкы катчы Хасан мырза Дестижи мырзаны кабыл алуу сыймык экенин айтты. Хасан мырза ТҮРКПА мүчө парламенттердин алдындагы милдеттерин кыйла функционалдык түрдө аткаруу үчүн жаңы ыкмаларды иштеп чыккандыгын баса белгиледи. Ошондой эле мүчө мамлекеттерге болгон сапарларында сунуштарына карата парламент Төрагалары жана Тышкы иштер министрлеринен күчтүү колдоо алганы менен бөлүштү.
Өз кезегинде УБПнын төрагасы Дестижи мырза Элчи Хасан мырзаны ТҮРКПАнын Башкы катчысы болуп шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктап, бул маанилүү милдетти мурдагы кызматтарындагыдай мыкты аткараарына ишенимин билдирди. Дестижи мырза өзүнүн партиясы негизделгенден бери Түрк дүйнөсүнө багытталган саясаттарды жүргүзүп келгенин эскертип, Түрк кызматташтык уюмдарынын жетишкендиктери жана алар аткарган миссияларына канааттануусун билдирди. Өз сөзүндө Азербайжандын Улуттук лидери Гейдар Алиевдин «бир эл, эки мамлекет» деген урааны ар бир чөйрөдө сезилип жатканын айтты.
Пландалган сапарынын алкагында Азербайжанда болгон Дестижи мырза Азербайжандын өз жерлерин баскынчылыктан азат кылганына сүйүнүп, бул чоң жетишкендик үчүн бүт Азербайжан элин жана мамлекетин куттуктады.
Жолугушуунун жүрүшүндө Өзбекстан жана Түркмөнстандын катышуусу менен ТҮРКПА жалпы максаттарына чечкиндүү кадам таштаары баса белгиленди. Мындан тышкары, желектери расмий түрдө көрсөтүлбөсө дагы жүрөгү ТҮРКПАга байланган өлкөлөрдүн колдоосуна ээ болуунун маанилүүлүгү да баса белгиленди.
Жолугушууга ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Мухаммет Алпер Хаяли жана комиссиянын катчысы Кадир Яман да катышты.