ТҮРКПАнын Башкы катчысы Улутчул кыймыл партиясынын Төрагасы Девлет Бахчели менен жолугушту
Дата
Көрүү
1587
2026-жылдын 16-июнунда Түркия Республикасына жасаган расмий иш сапарынын алкагында ТҮРКПАнын Башкы катчысы, Элчи Рамиль Хасан Улутчул кыймыл партиясынын (MHP) Төрагасы жана Элдик альянстын өнөктөшү Девлет Бахчели менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө ТҮРКПА тарабынан акыркы мезгилде жүргүзүлгөн ишмердүүлүк тууралуу кеңири маалымат берилип, ошондой эле Уюмдун келечектеги пландары боюнча ар тараптуу пикир алмашуу болду.
Девлет Бахчели ТҮРКПАга өзгөчө маани берилерин дагы бир жолу белгилеп, анын бир тууган түрк мамлекеттеринин ортосундагы кызматташтыкты чыңдоодо жана парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү жаңы деңгээлге көтөрүүдөгү маанилүү ролун баса белгиледи.