ТҮРКПАнын Башкы катчысы ТҮРКПАнын Жаш парламентарийлер тобунун мүчөсүн кабыл алды
2026-жылдын 7-сентябрында Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Элчи Рамил Хасан мырза Түркия Республикасынын Парламентинин депутаты, ТҮРКПАнын Жаш парламентарийлер тобунун мүчөсү Эмре Чалышкан мырза баштаган делегацияны кабыл алды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Башкы катчы парламентарий мырзага жана делегация мүчөлөрүнө ТҮРКПА тарабынан өткөн жыл ичинде ишке ашырылган ири масштабдагы долбоорлор жана демилгелер, Ассамблея тарабынан көрүлгөн чаралар, анын туруктуу комиссияларынын жыйындары, ошондой эле ТҮРКПАнын алдыдагы жалпы жыйыны тууралуу кеңири маалымат берди.
Башкы катчы ТҮРКПАнын алкагындагы Жаш парламентарийлер тобунун маанилүү ролун белгилеп, учурда дүйнөдө болуп жаткан тез интеграциялык процесстердин шартында жаш парламентарийлердин өзгөчө маанисине көңүл бурду. Ал жаш парламентарийлердин ортосундагы кызматташтыкты күчөтүү жана активдештирүү боордош мамлекеттердин парламентарийлеринин келечектеги ишмердүүлүгүнө маанилүү салым кошорун белгиледи.
Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты жана ТҮРКПАнын Жаш парламентарийлер тобунун мүчөсү Эмре Чалышкан мырза ТҮРКПАнын Башкы катчысына жылуу кабыл алуу жана ар тараптуу колдоо көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирди.
Жолугушууга ошондой эле ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Мухаммет Алпер Хаяли мырза, Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Тышкы байланыштар департаментинин жетекчисинин орун басары Өмер Фарук Кылычкая мырза, Тышкы байланыштар департаментинин ТҮРКПА боюнча катчысы Юнус Эмре Үнал мырза жана Чет өлкөлөрдөгү түрктөр жана боордош коомчулуктар боюнча башкармалыгынын (YTB) кызматкери Сүмеййе Йылмазтүрк айым катышты.
Издөө
Акыркы жаңылыктар
-
Meeting of TURKPA Council was held in Bishkek
- 20 Oct 2026