TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын Башкы катчысы ТҮРКПАга мүчө парламенттердин өкүлдөрүн кабыл алды

ТҮРКПАнын Башкы катчысы ТҮРКПАга мүчө парламенттердин өкүлдөрүн кабыл алды

Дата
Көрүү
1710

ТҮРКПАнын Башкы катчысы, Элчи Рамиль Хасан ТҮРКПАнын Эл аралык катчылыгына жылдык аудиттин алкагында Баку шаарына келген ТҮРКПАга мүчө парламенттердин өкүлдөрү менен жолугушту.

Жолугушууга Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаты Анар Мамедов, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин депутаты Юлия Кучинская, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Нуржамал Төрөбекова, ошондой эле ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын төрагасы, Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Осман Местен катышты.