ТҮРКПАнын Башкы катчысы Түркия Республикасынын Вице-президенти Улуу Мартабалуу Жевдет Йылмаз менен жолугушту
1494
2026-жылдын 17-июнунда Түркия Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында ТҮРКПАнын Башкы катчысы, Элчи Рамиль Хасан Түркия Республикасынын Вице-президенти Улуу Мартабалуу Жевдет Йылмаз менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө ТҮРКПАнын Башкы катчысы Ассамблея тарабынан соңку мезгилде ишке ашырылган долбоорлор, туруктуу комиссияларынын жана топторунун ишмердүүлүгү тууралуу кеңири маалымат берип, ошондой эле Азербайжан Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Түркия Республикасынын Вице-президентинин ТҮРКПАнын Эл аралык катчылыгына жасаган акыркы иш сапары канааттануу менен белгиледи.
Ал бир тууган түрк мамлекеттеринин ортосундагы мамилелерди жаңы деңгээлге көтөрүүдөгү, Түрк мамлекеттер уюмунун алкагында мамлекет башчылары тарабынан кабыл алынган маанилүү стратегиялык жана тарыхый чечимдерди улуттук парламенттер тарабынан ратификациялоодогу ТҮРКПАнын ролу жана мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө кеңири айтып берип, ошондой эле Уюмдун келечектеги пландары тууралуу ар тараптуу маалымат берди.
Өз кезегинде Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз ТҮРКПАнын жана анын Башкы катчысынын ишмердүүлүгүнө өзгөчө маани берилерин белгиледи. Ал Ассамблея түзүлгөн күндөн тартып бүгүнкү күнгө чейин аткарылып жаткан иштерге жогору баа берип, ТҮРКПАнын түрк мамлекеттеринин ортосундагы стратегиялык мамилелерди өнүктүрүүдөгү, аларды жаңы баскычта чыңдоодогу, парламенттик дипломатияны илгерилетүүдөгү, парламенттердин мыйзамдарын шайкеш келтирүүдөгү жана жалпы парламенттик платформаны калыптандыруудагы маанилүү ролун баса белгиледи.
Ошондой эле ал Түркия Республикасы бул тарыхый жолдо ТҮРКПАнын мындан аркы ишмердүүлүгүнө бардык мүмкүн болгон колдоону көрсөтүүнү улантарын белгиледи.
Иш сапардын жүрүшүндө Башкы катчыны ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Мухаммет Алпер Хаяли коштоп жүрдү.