ТҮРКПАнын Башкы катчысы Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын комиссиясынын төрагасын кабыл алды
1522
2026-жылдын 2-июнунда Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы, Элчи Рамиль Хасан ТҮРКПАнын Эл аралык катчылыгында Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты жана Арыздар боюнча комиссиясынын төрайымы Сунай Карамыктын жетекчилигиндеги делегацияны кабыл алды.
Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын делегациясынын курамына Арыздар боюнча комиссиянын курамындагы депутаттар, Мыйзамдар жана токтомдор боюнча башкы башкармалыктын мыйзам чыгаруу жаатындагы эксперттери, ошондой эле Тышкы байланыштар жана протокол боюнча башкы башкармалыктын кызматкерлери кирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Арыздар боюнча комиссиясынын бай тажрыйбасын жана институттук мүмкүнчүлүктөрүн келечекте ТҮРКПАнын платформасы аркылуу боордош түрк мамлекеттеринин парламенттери менен бөлүшүү, ошондой эле бул тажрыйбаны колдонуу мүмкүнчүлүктөрү боюнча пикир алышты. Бул багытта Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын мол тажрыйбасына жана мүмкүнчүлүктөрүнө таянуу менен ТҮРКПАнын Эл аралык катчылыгы жана мүчө мамлекеттер тарабынан келечекте ар кандай семинарларды, окутуу программаларын жана тажрыйба алмашуу иш-чараларын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.
Жолугушууга ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басарлары Мухаммет Алпер Хаяли менен Талгат Адуов, ошондой эле Башкы катчынын орун басарынын милдетин аткаруучу Бектур Базакечов катышты.