ТҮРКПАнын Башкы катчысы Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер бирлигинин (ТДББ) президентин кабыл алды
1579
2026-жылдын 18-майында Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы, элчи Рамиль Хасан ТҮРКПАнын Эл аралык катчылыгында Түрк дүйнөсүнүн муниципалитеттер бирлигинин (ТДМБ) президенти жана Конья шаарынын мэри Угур Ибрахим Алтай мырзаны кабыл алды.
Угур Ибрахим Алтай мырза баштаган делегациянын курамына ТДМБнын Аткаруу кеңешинин мүчөсү жана Азербайжандын шаардык муниципалитеттеринин улуттук ассоциациясынын төрагасы Тамраз Тагиев мырза, ошондой эле ТДББнын Башкы катчысы Таха Захид Өздемир мырза кирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар өз ара кызыкчылык туудурган маселелер боюнча пикир алмашып, түрк дүйнөсүнүн алкагында ТҮРКПА менен ТДМБнын ортосундагы кызматташтыкты мындан ары кеңейтүүнүн келечегин талкуулашты. Мекемелер аралык диалогдун жана иш-аракеттерди координациялоонун маанилүүлүгүн белгилөө менен, тараптар көп жылдык мамилелерди мындан ары да чыңдоого жана кызматташтыктын учурдагы багыттарын кеңейтүүгө даяр экендиктерин ырасташты.
Жолугушууга ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Талгат Адуов мырза жана ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык мамилелер боюнча комиссиясынын катчысы, доктор Кадыр Яман мырза да катышты.