ТҮРКПАнын Башкы катчысы Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министри менен жолугушту
129
2026-жылдын 18-апрелинде Анталия шаарында ТҮРКПАнын Башкы катчысы, Элчи Рамиль Хасан Анталия дипломатиялык форумунун 5-отурумунун алкагында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министри Улуу Урматтуу Тахсин Эртугрулоглу менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министри Улуу Урматтуу Тахсин Эртугрулоглу Элчи Рамиль Хасанга Түндүк Кипр Түрк Республикасына көрсөтүлүп жаткан ар тараптуу колдоо үчүн чын жүрөктөн ыраазычылыгын билдирди.
Өз кезегинде Башкы катчы акыркы алты айдын ичинде ТҮРКПА тарабынан жүргүзүлгөн ишмердүүлүк тууралуу кеңири маалымат берип, Түрк мамлекеттер уюмунда (ТМУ) жана ТҮРКПАда байкоочу макамында катышып жаткан Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жигердүү катышуусу мындан ары да туруктуу жана ар тараптуу колдоого ээ болоруна ишенимин билдирди.
Жолугушууда Башкы катчыны анын орун басары Мухаммет Алпер Хаяли жана Комиссиянын катчысы Айнура Абуталибова коштоп жүрүштү.