ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын Башкы катчысы ТИКАнын Азербайжан боюнча координаторун кабыл алды

ТҮРКПАнын Башкы катчысы ТИКАнын Азербайжан боюнча координаторун кабыл алды

Дата
Көрүү
1319

2026-жылдын 14-сентябрында Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Элчи Рамиль Хасан мырза Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Азербайжандагы жаңы дайындалган координатору Махмут Агырман мырзаны Эл аралык катчылыкта кабыл алды.

Башкы катчы Агырман мырзаны жаңы кызматка дайындалышы менен куттуктап, ага мындан аркы ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады жана ТҮРКПА тарабынан акыркы бир жылда жүргүзүлгөн иштер, жасалган маанилүү кадамдар, ошондой эле алдыдагы ТҮРКПАнын Пленардык отуруму тууралуу маалымат берди.

Өз кезегинде ТИКАнын Баку шаарындагы координатору жылуу кабыл алгандыгы үчүн Хасан мырзага ыраазычылык билдирип, ТИКАнын ТҮРКПАга болгон бекем берилгендигин, Түркия Республикасынын маанилүү мекемелеринин бири катары ТИКА ТҮРКПАга чоң маани берерин жана келечекте Ассамблеянын ишмердүүлүгүнө бардык мүмкүн болгон колдоону көрсөтүүгө даяр экендигин белгиледи. Ал ошондой эле ТҮРКПАга мындан аркы ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалады.

Жолугушууга ошондой эле ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Мухаммет Алпер Хаяли мырза да катышты.