TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын Башкы катчысы ПАИКМГнын Конференциясынын 20-сессиясына катышты

ТҮРКПАнын Башкы катчысы ПАИКМГнын Конференциясынын 20-сессиясына катышты

Дата
Көрүү
1486

2026-жылдын 24-июнунда ТҮРКПАнын Башкы катчысы, Элчи Рамиль Хасан жетектеген ТҮРКПАнын делегациясы Азербайжан Республикасынын Милли Межлиси тарабынан Баку шаарында өткөрүлгөн Ислам Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин парламенттер аралык биримдигинин (ПАИКМГ) Конференциясынын 20-сессиясына катышты.

Сессия Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Төрайымы Улуу Мартабалуу Сахиба Гафарованын чакыруусу менен өтүп, ага 50гө жакын парламент төрагалары, эл аралык уюмдардын жетекчилери, ошондой эле Ислам Кызматташтык Уюмунун (ИКУ) жана башка эл аралык институттардын өкүлдөрү катышты. 2026-жылдын 22–25-июнь күндөрү өтүп жаткан иш-чаранын алкагында азыркы учурдагы дүйнөлүк чакырыктарга арналган панелдик талкуулар, ошондой эле эки тараптуу жана көп тараптуу жолугушуулар өткөрүлүүдө.

Башкы катчыны иш сапардын жүрүшүндө ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басарлары Талгат Адуов жана Мухаммет Алпер Хаяли, комиссиянын катчысынын милдетин аткаруучу Мирлан Усенканов, ошондой эле Протокол кызматынын башчысы Ядигар Мамедов коштоп жүрүштү.