ТҮРКПАнын Башкы катчысы өз милдетин аткарууга киришти
Дата
Көрүү
164
2025-жылдын 15-октябрында ТҮРКПА имаратында ТҮРКПАнын кызматкерлеринин жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнүн катышуусунда Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысынын ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү аземи болуп өттү.
Иш-чаранын жүрүшүндө Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр өзүнүн ыйгарым укуктарын жаңы шайланган Башкы катчы Элчи Рамил Хасанга расмий түрдө өткөрүп берди. Иш-чара ошондой эле ТҮРКПАнын туусун символикалык түрдө өткөрүп берүү аземи менен коштолду.
Бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып тараптар уюмдун келечектеги иш-аракеттери жана артыкчылыктуу багыттары тууралуу кыскача пикир алмашышты жана бири-бирине мындан аркы ишмердүүлүгүндө ийгиликтерди каалашты.
Элчи Рамил Хасан 2025-жылдын 12-июнунда Казакстандын Астана шаарында өткөн ТҮРКПАнын Он төртүнчү Пленардык отурумунун жүрүшүндө ТҮРКПАнын Башкы катчысы болуп шайланган.