ТҮРКПАнын Башкы катчысы менен ЕККУ ПАнын Башкы катчысынын эки тараптуу жолугушуусу болуп өттү
Дата
Көрүү
144
2025-жылдын 18-ноябрында Түрк мамлекеттеринин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Элчи Рамил Хасан мырза Стамбул шаарында өтүп жаткан ЕККУ ПАнын 23-күзгү жыйынынын алкагында ЕККУ Парламенттик Ассамблеясынын (ЕККУ ПА) Башкы катчысы Роберто Монтелла мырза менен жолугушту.
Башкы катчы эки уюмдун көп жылдык кызматташтыгын эскерип, Монтелла мырзанын ТҮРКПАнын калыптануу мезгилинде, атап айтканда ЕККУ ПАнын Башкы катчысынын орун басары кызматын аркалап турган убактан тартып көрсөткөн маанилүү колдоосун белгиледи. Ал 15 жылдан ашык убакыт мурун калыптанган өнөктөштүк руху бүгүнкү күндө да эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү үчүн бекем негиз бойдон каларын баса белгиледи.
Жолугушуунун жүрүшүндө Копенгагенде ТҮРКПАнын Эл аралык Катчылыгынын кызматкерлери үчүн кыска мөөнөттүү тажрыйба алмашуу программасын жандандыруу мүмкүнчүлүгү талкууланды. ТҮРКПАнын Башкы катчысы ЕККУ ПА тарабынан 2010-2011-жылдары уюштурулган ушул сыяктуу программанын ТҮРКПАнын дараметин тез арада арттырууга олуттуу салым кошкон ийгилик болгон деп баса белгиледи. Ал ЕККУ ПАнын Эл аралык Катчылыгына ылайыктуу убакта бул программаны жаңыртылган форматта кайра өткөрүүгө даяр экенин билдирди.
Тараптар аймактык тынчтык жана диалог боюнча ой-пикир алмашышты. ТҮРКПАнын Башкы катчысы аймактагы туруктуулукту колдоодо ЕККУ ПАнын конструктивдүү ролун жогору баалап, Карабах чыр-чатагыны аяктагандан кийинки позитивдүү динамиканы жана Азербайжан менен Армения ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн улантылышын белгиледи. Жетишилген ийгиликтер парламенттик дипломатияны өнүктүрүүдө жагымдуу шарттарды түзүп жатканын баса белгиледи. Башкы катчы Вашингтондо кабыл алынган тарыхый чечим жана Азербайжан менен Армениянын ортосундагы тынчтыктын бекемделиши ТҮРКПА менен ЕККУ ПАнын ортосундагы кызматташтык үчүн жаңы шарттардын түзүлүшүнө өбөлгө болот деген ишенимин билдирди.
ТҮРКПАнын бардык мүчө мамлекеттери ЕККУ ПАнын мүчөлөрү экенин эске алып, Башкы катчы бул жалпы платформа институттук байланыштарды тереңдетүүгө жана биргелешкен демилгелерди жүргүзүүгө кубаттуу потенциал берерин баса белгиледи.
Башкы катчы ТҮРКПАга мүчө мамлекеттер ЕККУ ПАда ТҮРКПАнын байкоочусу макамын алуу үчүн бардык зарыл процедуралык кадамдарды жасаарын жана ТҮРКПАнын Эл аралык Катчылыгы өз мүмкүнчүлүктөрүнүн чегинде толук колдоо көрсөтүүгө даяр экенин ырастады. Ал ошондой эле Монтелла мырзанын бул маселеде колдоо көрсөтөтөөрүнө үмүтүн билдирди.
Мындан тышкары, Башкы катчы “ТҮРКПА +” алкагында кызматташууну улантуунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, Түрк Мамлекеттеринин Уюму (ТМУ) бул маселе боюнча жакында Габаладагы саммитте маанилүү чечимдерди кабыл алганын билдирди. Бул чечимдер түздөн-түз ТМУнун парламенттик өлчөмү катары ТҮРКПАга да тиешелүү экенин баса белгиледи.
Башкы катчы ТҮРКПАнын парламенттик дипломатия, демократиялык өнүгүү, конфликттерди алдын алуу жана чечүү, ошондой эле эл аралык байланыштарды бекемдөө маселелери боюнча ЕККУ ПА менен биргелешкен иш-аракеттерди өнүктүрүүгө чоң кызыгуусу бар экенин билдирди.
Өз кезегинде Монтелла мырза ЕККУ ПА менен ТҮРКПАнын кызматташтыгынын жаңы бөлүмүнүн ачылышына кубанганын билдирип, мүмкүнчүлүктөрдүн алкагында кызматташуунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. ТҮРКПА көп жылдардан бери ЕККУ ПАнын иш-чараларына конок катары катышып келе жаткандыгын белгилеп, катышуу макамын байкоочу макамына көтөрүүгө болгон ниетке ыраазычылыгын билдирди.
Монтелла мырза Башкы катчы катары өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде, бул процессти колдоо үчүн сунуш жана жардам берүүгө даяр экендигин белгиледи. ЕККУ ПАнын Эл аралык Катчылыгы да ТҮРКПАнын байкоочусу макамын алууга байланыштуу баштала турган иш-аракеттерди толук колдой турганын баса белгиледи.
ЕККУ ПАнын Башкы катчысы ошондой эле эки Парламенттик Ассамблеянын ортосундагы кызматташуунун чыңдалышы кеңири аймакка оң таасир этерин баса белгилеп, келечектеги биргелешкен долбоорлор жана программалар боюнча биргеликте иштөөгө даяр экенин билдирди.
Элчи Рамил Хасан конструктивдүү жолугушуу үчүн чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип, ТҮРКПАнын ЕККУ ПА менен кызматташтыкты кеңейтүүгө даярдыгын ырастады. Монтелла мырзаны, анын кесиптештерин Азербайжанга жана ТҮРКПАнын Эл аралык Катчылыгынын Бакудагы башкы кеңсесине ыңгайлуу убакта келип кетүүгө чакырды.
Башкы катчы Роберто Монтелла мырза кыска мөөнөттүү тажрыйба алуу сунушун жогору баалады жана кабыл алды. ТҮРКПАнын кызматкерлеринин тажрыйба алуу программасынын камтуу чөйрөсү жана багыты боюнча сунуштар ЕККУ ПАнын Эл аралык Катчылыгына берилери маалымдалды.
Мындан тышкары, Башкы катчы Роберто Монтелла ТҮРКПАнын Башкы катчысынын чакыруусун оң баалап, Бакудагы сапарынын алкагында ТҮРКПАнын Эл аралык Катчылыгына барарын ырастады.
Жолугушууга ошондой эле Башкы Катчынын орун басары Густаво Палларес, Аппарат жетекчиси Андреас Бейкер, ЕККУ ПАнын Эл аралык Катчылыгынын улук кеңешчиси Ирина Сабашук, ТҮРКПАнын эл аралык Катчылыгынан Башкы Катчынын орун басары Мухаммет Алпер Хаяли жана комиссиянын катчысы Айнура Абуталибова катышышты.