ТҮРКПАнын Башкы катчысы Казакстандын Элчисине сылык сапарын жасады
Дата
Көрүү
189
2026-жылдын 22-январында Түрк мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Элчи Рамил Хасан Казакстан Республикасынын Азербайжан Республикасындагы Өзгөчө жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Алим Байелге сылык сапары менен барды.
Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Алим Байел Казакстандын парламенти да, Тышкы иштер министрлиги да ТҮРКПАнын ишмердүүлүгүнө чоң маани берээрин жана ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө берилгендигин баса белгиледи. Ошондой эле Казакстандын Азербайжан Республикасындагы Элчилиги казак ММКларында чагылдыруу аркылуу ТҮРКПАнын ишмердүүлүгүн илгерилетүүгө көмөк көрсөтөөрүн баса белгиледи.
Өз кезегинде Элчи Рамил Хасан жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирип, Казакстандын 2008-жылдан бери ТҮРКПАнын негиздөөчү мүчөсү катары активдүү катышуусун белгилеп, мыйзам чыгаруу алкактарын шайкеш келтирүүгө, моделдик мыйзамдарды иштеп чыгууга, туруктуу комиссиялардагы иштөөдөгү жана парламенттик дипломатияны өнүктүрүүгө кошкон салымын белгиледи.
Башкы катчы колдоонун улантылышына ыраазычылыгын билдирип, мүчө мамлекеттердин ортосундагы координацияланган кызматташтыктын маанилүүлүгүн баса белгилеп, Элчиге жана анын командасына келечектеги аракеттерине ийгиликтерди каалады.
Жолугушууга Башкы катчынын орун басары Талгат Адуов да катышты.