ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын Башкы катчысы БУУнун эл аралык конференциясына катышты

ТҮРКПАнын Башкы катчысы БУУнун эл аралык конференциясына катышты

Дата
Көрүү
877

2026-жылдын 21-сентябрында Түрк Мамлекеттердин Парламенттик Ассамблеясынын (ТҮРКПА) Башкы катчысы Элчи Рамиль Хасан мырза Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын 81-сессиясына катышуу максатында Нью-Йорк шаарына (АКШ) иш сапары менен барды.

Иш сапардын программасынын алкагында Башкы катчы Түркия Республикасынын Биринчи айымы Эмине Эрдоган айымдын демилгеси менен уюштурулган “Көрүнбөгөн архитектура: Балдар үчүн коопсуз санариптик системаларды куруу – эл аралык стандарттарды жана жалпы жоопкерчиликти өнүктүрүү” аттуу эл аралык конференцияга катышты.

Биринчи айым Эмине Эрдогандын кайрылуусу менен ачылган жогорку деңгээлдеги иш-чарага Бельгия Королевасы, Сербия Республикасынын Биринчи айымы, көптөгөн өлкөлөрдүн биринчи айымдары, ошондой эле эл аралык уюмдардын, мамлекеттик институттардын, министрликтердин жана медиа уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Кеңири масштабдагы конференцияда балдар үчүн коопсуз санариптик чөйрөнү түзүү, эл аралык стандарттарды өнүктүрүү жана бул жаатта жалпы жоопкерчиликти бекемдөө маселелери боюнча терең талкуулар жүргүзүлдү.

Конференциянын алкагында ТҮРКПАнын Башкы катчысы ар кандай эл аралык уюмдардын өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушууларды да өткөрдү.

Иш сапар жана иш-чара учурунда Башкы катчыны анын орун басары Мухаммет Алпер Хаяли мырза коштуп жүрдү.