ТҮРКПАнын Башкы катчысы Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (AK Parti) Төрагасынын орун басары Кюршад Зорлу менен жолугушту
1752
2026-жылдын 16-июнунда Түркия Республикасындагы расмий иш сапарынын алкагында ТҮРКПАнын Башкы катчысы, Элчи Рамиль Хасан Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (AK Parti) түрк мамлекеттери менен байланыштар боюнча Төрагасынын орун басары жана Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Кюршад Зорлу менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө ТҮРКПА тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор, бүгүнкү күнгө чейин аткарылган иштер, түрк мамлекеттеринин мыйзам чыгаруучу органдарынын ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, парламенттер аралык байланыштарды жаңы баскычка көтөрүү, ошондой эле Уюмдун келечектеги ишмердүүлүгүнүн артыкчылыктуу багыттары жана пландары боюнча кеңири пикир алмашуу болду.
Иш сапардын жүрүшүндө Башкы катчыны ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Мухаммет Алпер Хаяли коштоп жүрдү.