ТҮРКПАнын Башкы катчысы Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (AK Parti) Төрагасынын биринчи орун басары Эфкан Ала менен жолугушту
1560
2026-жылдын 17-июнунда Түркия Республикасына жасаган расмий иш сапарынын алкагында ТҮРКПАнын Башкы катчысы, Элчи Рамиль Хасан Адилеттик жана өнүгүү партиясынын (AK Parti) Төрагасынын биринчи орун басары жана Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын депутаты Эфкан Ала менен жолугушту.
Башкы катчы ТҮРКПА тарабынан ишке ашырылып жаткан долбоорлор, түрк мамлекеттеринин ортосундагы экономикалык, саясий, маданий жана парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүү боюнча көрүлүп жаткан чаралар, ошондой эле Уюмдун келечектеги пландары тууралуу кеңири маалымат берди.
Өз кезегинде Эфкан Ала ТҮРКПАнын ишмердүүлүгүнө өзгөчө маани берилерин белгиледи. Ал Түркия Республикасы, ошондой эле Түркиянын Өкмөтү жана Улуу Улуттук Жыйыны ТҮРКПАнын ишмердүүлүгүн жогору бааларын айтып, бул багытта көрүлүп жаткан кадамдар бир тууган түрк мамлекеттеринин ортосундагы стратегиялык мамилелерди өнүктүрүүдөгү маанилүү этап экенин баса белгиледи. Ошондой эле ал ТҮРКПАнын мындан аркы ишмердүүлүгүн ишке ашырууда бардык зарыл колдоону көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.
Иш сапардын жүрүшүндө Башкы катчыны ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Мухаммет Алпер Хаяли коштоп жүрдү.