ТҮРКПАнын Айлана чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын Төрагасы Катчылыкка келди
Дата
Көрүү
119
2022-жылдын 10-мартында Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Саламаттыкты сактоо боюнча комитетинин Төрагасы, ТҮРКПАнын Айлана чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын Төрагасы Ахлиман Амирасланов мырза ТҮРКПАнын Катчылыгына келип, Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр мырза менен жолугушту.
Жыйындын жүрүшүндө Амирасланов мырза комиссиянын алкагында алдыдагы аткарыла турган иш-чараларга токтолду. Тараптар Комиссиянын кезектеги 7-жыйынына жана Комиссиянын алкагында 2022-жылдын май айында Түркияда уюштурула турган семинарга даярдыктарды талкуулашты.
Башкы катчы Амирасланов мырзага жасаган сапары үчүн кубанычын жана ыраазычылыгын билдирип, Комиссиянын ишинин маанилүүлүгүн баса белгиледи.
Тараптар Түрк мамлекеттеринин айлана-чөйрөнү коргоо жана саламаттыкты сактоо жаатындагы парламенттер аралык кызматташуусунун келечеги боюнча пикир алмашышты.