TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПАнын Аял парламентарийлер тобу таанышуу жыйынын өткөрдү

ТҮРКПАнын Аял парламентарийлер тобу таанышуу жыйынын өткөрдү

Дата
Көрүү
126
2022-жылдын 11-апрелинде ТҮРКПАнын Аял парламентарийлер тобунун таанышуу жыйыны онлайн форматта уюштурулду. Жыйынга мүчө мамлекеттердин жана Өзбекстандын аял парламентарийлери, ошондой эле ТҮРКПАнын Катчылыгынын өкүлдөрү катышты. Жыйынды топтун жетекчиси, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин мүчөсү Лаззат Рамазанова айым ачты. Топтун мындан аркы ишмердүүлүгүнө салым кошууга даярдыгын билдирген катышуучуларга ыраазычылыгын билдирип, Рамазанова айым жолугушууга Өзбекстандын парламенттик делегациясынын катышуусунун маанилүүлүгүн баса белгиледи. Топтун жетекчиси Өзбекстандын жакынкы аралыкта Ассамблеяга кошулуушуна ишенимин билдирди. Катышуучулар топтун иши жана келечектеги ишмердүүлүгү боюнча талкуу жүргүзүштү. Топтун Биринчи жыйынын 2022-жылдын 2-июнунда Казакстандын Нур-Султан шаарында “ECOJER” Экинчи эл аралык экологиялык конгресстин алкагында өткөрүү сунушталган.