ТҮРКПАга мүчө парламенттердин Саламаттыкты сактоо боюнча комитеттеринин төрагаларынын экинчи жыйыны
Дата
Көрүү
166
2025-жылдын 22-январында Бакуда Азербайжан Республикасынын Милли Межлиси тарабынан уюштурулган ТҮРКПАга мүчө парламенттердин Саламаттыкты сактоо маселелери боюнча комитеттеринин төрагаларынын экинчи жыйыны болуп өттү.
"Климаттын өзгөрүшү жана ден соолук: Климаттын өзгөрүшүнүн ден соолукка тийгизген таасирине каршы мыйзам чегинде көрүлүүчү чаралар" темасы боюнча өткөн жыйынга ТҮРКПА мүчө өлкөлөрүнүн жана байкоочу мамлекеттеринин, ошондой эле Өзбекстандын парламент мүчөлөрү катышып, ден соолук тармагындагы өзгөчө маселелер боюнча мыйзам чыгаруу чечимдерин талкуулашты.
Иш-чара Азербайжандын Милли Меджлисинин Ден соолук боюнча комитетинин төрагасы, ТҮРКПАнын Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын төрагасы Ахлиман Амираслановдун кириш сөзү менен ачылды. Ал климаттык өзгөрүүлөрдүн ден-соолукка жана айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирлерин жоюу үчүн мыйзам чыгаруу базасын жакшыртуунун маанилүүлүгүн жана ТҮРКПАнын алкагында парламенттер аралык кызматташтыкты кеңейтүүнүн зарылдыгын белгиледи. Мындан тышкары, ден соолук тармагында ишенимдүү, туруктуу жана калыптанган саясатты иштеп чыгуу үчүн бул кызматташтыкты күчөтүү керектигин айтып өттү.
Түркиянын Улуу улуттук Жыйынынын Ден соолук, үй-бүлө, эмгек жана социалдык маселелер боюнча комитетинин төрагасы Ведат Билгин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Раимбачаева, Казакстан Республикасынын Мажилисинин Социалдык жана маданий өнүгүү боюнча комитетинин мүчөсү Гүлдара Нуримова (онлайн түрдө), Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Илим, билим берүү жана ден соолук боюнча комиссиясынын төрагасы Бахром Абдуллаев, Түндүк Кипр Түркия Республикасы Ассамблеясынын административдик, коомдук маселелер жана ден-соолук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Филиз Бесим, Азербайжан Республикасынын Милли Меджлисинин Социалдык мыйзамдар департаментинин башчысы Адиль Валиев, ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Жыйынынын Социалдык маселелер жана ден соолук боюнча комитетинин төрагасы Ахмет Савашан, Азербайжан Республикасынын Милли Меджлисинин Ден соолук боюнча комитетинин мүчөсү Парвана Велиева сыяктуу катышуучулар жыйынга катышып сөз сүйлөштү.
Өз сөзүндө Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр дүйнө климаттын өзгөрүшүнүн коомдук ден соолукка тийгизген терс таасирлеринин күчөшү менен глобалдык чакырыкка дуушар болуп жаткандыгын белгиледи. Ал бул көйгөйлөрдү чечүү үчүн биргелешкен аракеттердин маанилүүлүгүн баса белгилеп, регионалдык кызматташтыкты чыңдоонун зарылдыгын айткан. Ошондой эле экологиялык жактан таза технологияларды өнүктүрүүнүн жана коомдун экологиялык стандарттар боюнча маалыматтуулугун арттыруунун ролун белгиледи. Башкы катчы, ТҮРКПАнын мүчө парламенттеринин климаттын өзгөрүшү жана ден соолук маселелери боюнча кызматташтыгы бул тармактагы глобалдык аракеттерге чоң салым кошоорун белгиледи.
Талкуулар климаттын өзгөрүшү менен ден соолукка залал тийгизүүчү коркунучтарды азайтууга, укуктук базаны чыңдоого жана ТҮРКПАнын бардык мүчө мамлекеттеринде ден соолук тармагында туруктуу саясатты илгерилетүүгө багытталган.
Программанын алкагында делегациялар азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевди эскерүү үчүн Ардак көрүстөнгө, андан кийин Шейиттер аллеясына жана "Түрк шейиттер мемориалы" эстелигине барып гүлчамбар коюшту.