ТҮРКПАга мүчө парламенттердин Саламаттыкты сактоо боюнча комитеттеринин төрагалары Азербайжан Парламентинин төрагасынын биринчи орун басары менен жолугушту
Дата
Көрүү
168
ТҮРКПАга мүчө парламенттердин Саламаттыкты сактоо боюнча комитеттеринин төрагалары Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин төрайымынын биринчи орун басары Али Ахмедов менен жолугушушту.
Боордош өлкөлөрдүн өкүлдөрүн Милли Межлистен кабыл алып жаткандыгына канааттангандыгын билдирген төрайымдын биринчи орун басары Милли Межлистин жетекчилиги жана парламент башчысы Сахиба Гафарованын атынан куттуктоо сөзүн айтты.
Милли Межлистин Төрайымынын биринчи орун басары Али Ахмедов ТҮРКПАга мүчө парламенттердин Саламаттыкты сактоо комитеттеринин башчыларынын экинчи жолугушуусунда "Климаттын өзгөрүшү жана ден соолук: Климаттын өзгөрүшүнүн ден соолукка тийгизген таасирине каршы мыйзам чегинде көрүлүүчү чаралар" темасындагы талкуулардын маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал президент Илхам Алиевдин жетекчилиги астында Азербайжандын саламаттыкты сактоодогу жетишкендиктерине токтолуп, өлкөнүн COVID-19 пандемиясынын кесепеттерин жоюу боюнча демилгелерин жана глобалдык климаттык көйгөйлөрдү чечүүдөгү активдүү ролун белгиледи. Өткөн жылы Азербайжанда өткөн COP29дун ийгиликтүү жыйынтыктарына токтолуп, ал өлкөнүн климатынын өзгөрүшүнүн ден соолукка тийгизген таасири менен күрөшүүгө болгон аракетин баса белгиледи. Ал саламаттык сактоо жана климаттын өзгөрүшү сыяктуу актуалдуу маселелер боюнча парламенттик өз ара аракеттешүү үчүн негизги платформа катары ТҮРКПА алкагында кызматташтыкты бекемдөөнүн маанилүүлүгүн айтып өттү.
Иш-чаранын катышуучулары Азербайжан Парламентинин жетекчилигине жылуу меймандостугу үчүн ыраазычылык билдиришти. Алар ТҮРКПАнын алкагындагы кызматташтыктын маанилүүлүгүнө токтолуп, анын түрк тилдүү дүйнөдөгү саламаттыкты сактоону өнүктүрүүгө, атап айтканда, климаттын өзгөрүшүнүн ден соолукка тийгизген кесепеттерин жоюуга кошкон зор салымын белгилешти.
Жыйында Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Саламаттык сактоо комитетинин төрагасы, Айлана-чөйрө, табигый ресурстар жана саламаттыкты сактоо боюнча комиссиясынын төрагасы Ахлиман Амирсланов, Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисиинин Эмгек жана социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасы Муса Гулиев, Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисиинин мүчөлөрү Малахат Ибрагимгизи жана Хейдар Асадов, Кыргыз Республикасының Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымы Винера Райымбачаева, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Саламаттык сактоо, үй-бүлө, эмгек жана социалдык иштер боюнча комиссиясынын төрагасы Ведат Билгин, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Илимий, билим берүү жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Бахром Абдуллаев, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Улуу Жыйынынын Административдик, коомдук жана саламаттык сактоо иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Филиз Бесим, Түндүк Кипр Түрк Республикасының Улуу Жыйынынын Административдик, коомдук жана саламаттык сактоо иштери боюнча комитетинин мүчөсү Ахмет Савашан, ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр жана ТҮРКПАнын башка өкүлдөрү катышышты.