ТҮРКПАга мүчө парламенттердин Коргоо жана коопсуздук комитеттеринин башчылары Бакуда экинчи жыйынга чогулду
Дата
Көрүү
159
2025-жылдын 15-апрелинде Бакуда, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинде ТҮРКПАга мүчө парламенттердин Коргоо жана коопсуздук комитеттеринин башчыларынын экинчи жыйыны болуп өттү.
"Түрк мамлекеттердин ортосундагы коопсуздук жана коргонуу жаатындагы кызматташтыкты бекемдөө: парламенттердин ролу" деген темада өткөн жыйынга ТҮРКПАга мүчө мамлекеттердин жана байкоочу мамлекеттердин, ошондой эле Өзбекстандын парламенттик делегациялары катышты. Жыйын аймактык коопсуздуктун чакырыктары жөнүндө диалогду илгерилетүү, коргоо жана коопсуздук жаатында парламенттер аралык кызматташтыкты чыңдоо үчүн маанилүү платформа болуп кызмат кылды.
Жыйын Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Коргоо, коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрагасы Арзу Нагиевдин ачылыш сөзү менен башталды. Негизги баяндамалар менен Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Жыйынынын Улуттук коргоо боюнча комитетинин төрагасы Хулуси Акар, Казакстан Республикасынын Парламентинин Сенатынын Эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин мүчөсү Амангелди Нугманов, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Эльдар Сулайманов, Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Сенатынын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасы Кутбидин Бурханов, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Жыйынынын Эл аралык байланыштар жана коргоо боюнча комитетинин төрайымы Ясеми Өзтүрк жана ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр сөз сүйлөштү.
Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр өз сөзүндө дүйнөдөгү саясий окуялардын, геосаясий чыңалуунун, эл аралык укуктун принциптеринин алсырашына жана коркунуч динамикасынын өзгөрүшүнүн фонунда жыйындын актуалдуулугун айтып өттү. Башкы катчы ТҮРКПАнын жалпы коркунучтарга каршы туруу, жалпы стратегиялык кызыкчылыктар, аймактык коопсуздук жана туруктуулук көз карашынан алганда түрк мамлекеттердин ортосундагы коргонуу жана коопсуздук жаатындагы кызматташтыктын маанилүүлүгүнө токтолуп, бул жааттагы кызматташтыкты институционалдаштыруу платформасы катары ролун белгиледи. Бул контекстте ал коопсуздук саясатын калыптандырууда жана аймактык коопсуздукту камсыз кылууда парламенттик диалогдун жана кызматташуунун өзгөчө маанисин баса белгиледи.
Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Улуттук коргоо комитетинин мүчөлөрү Абдүррахим Дусак, Ашкын Генч жана Зухал Каракоч Дора, ошондой эле Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин Коргоо, коопсуздук жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитетинин мүчөлөрү Хикмат Маммадов, Эркин Гадирли, Рамид Намазов, Гая Маммадов, Гүлшан Пашаева, Самир Валиев, Ризван Набиев, Махир Сулейманлы, Сабина Салманова жана Айдин Мирзазада сөз сүйлөштү.
Талкуулар түрк мамлекеттердин ортосундагы коопсуздук жана коргонуу жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөгө жана бул жаатта парламенттердин ролуна арналды. Жыйында ТҮРКПАга мүчө болгон парламенттердин Коргоо жана коопсуздук комитеттеринин башчыларынын жыйындарын үзгүлтүксүз өткөрүүнүн маанилүүлүгү баса белгиленди. Жыйын пикир алмашууга өбөлгө түзүп, түрк мамлекеттердин ортосундагы коопсуздук жана коргонуу жаатында кызматташуунун бирдиктүү жана келечектүү көз карашын калыптандырууга өз салымын кошту.
Жыйындын алдында катышуучулар азербайжан элинин жалпы улуттук лидери Гейдар Алиевдин Ардак көрүстөнүн жана Жеңиш эстелигин зыярат кылышты. Программа ошондой эле Азербайжан Республикасынын Коргоонуу өнөр-жай министрлигине караштуу обьектисине болгон сапарды камтыды.