ТҮРКПАга мүчө парламенттердин Эл аралык иштер боюнча комитет башчыларынын биринчи жыйыны болуп өттү
Дата
Көрүү
118
2022-жылдын 9-мартында Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиянын алкагында ТҮРКПАга мүчө парламенттердин Эл аралык иштер боюнча комитеттеринин башчыларынын биринчи жыйыны онлайн форматта болуп өттү. Жыйын «Тышкы саясий кызматташтыкта парламенттердин ролу» деген теманын алдында өткөрүлдү.
Иш-чарага мүчө парламенттердин, ошондой эле Венгриянын жана Өзбекстандын парламенттеринин Эл аралык иштер боюнча комитеттеринин башчылары жана ТҮРКПАнын Катчылыгынын өкүлдөрү катышты.
Ачылыш сессиясында Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Тышкы иштер боюнча комитетинин Төрагасы Акиф Чагатай Кылыч мырза, ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын Төрагасы Эрол Кая мырза жана ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр мырза сөз сүйлөштү.
Азербайжан Республикасынын Милли Мажлисинин Эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин Төрагасы Самед Сейидов мырза, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин Төрайымы Айгүл Куспан айым, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин Төрагасы Чыңгыз Айдарбеков мырза, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин Төрагасы (сессиянын төрагасы) Акиф Чагатай Кылыч мырза, Венгриянын Улуттук Ассамблеясынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин Төрагасы Жолт Немет мырза жана Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын Эл аралык жана парламенттер аралык байланыштар боюнча комитетинин Төрайымы Дилором Файзиева айым жыйында сөз сүйлөдү.
Катышуучулар жалпы маселе боюнча, анын ичинде тышкы саясатта парламенттердин ролу жана өз ара кызыкчылык туудурган тышкы саясат маселелери боюнча кызматташуунун келечеги сыяктуу маселелердин тегерегинде сөз сүйлөштү.
Мындай жыйынды ТҮРКПАнын алкагында биринчи жолу өткөрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеген катышуучулар кезектеги экинчи жыйынды келечекте Түркиянын Парламентинде бетме-бет форматта өткөрүүнү макулдашышты.