TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
“ТҮРКПАга мүчө мамлекеттерде адам укуктарын коргоо” аттуу конференциянын катышуучулары Шушага барышты

“ТҮРКПАга мүчө мамлекеттерде адам укуктарын коргоо” аттуу конференциянын катышуучулары Шушага барышты

Дата
Көрүү
128
2022-жылдын 24-майында «ТҮРКПАга мүчө мамлекеттерде адам укуктарын коргоо» аттуу конференцияга катышкан түрк тилдүү мамлекеттердин парламентарийлери жана акыйкатчылары, ошондой эле мүчө-мамлекеттердин парламенттеринин, акыйкатчы институттарынын жана ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрү Азербайжандын маданий борбору жана Түрк дүйнөсүнүн 2023-жылдагы маданий борбору болуп эсептелген Шуша шаарына сапар жасашты. Конокторго Шуша шаарынын тарыхы, анын тарыхый, маданий жана диний мурастары, басып алуу учурунда келтирилген зыяндар жана шаарды калыбына келтирүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер жөнүндө маалымат берилди. Сапардын жүрүшүндө коноктор Шуша чепинин дубалдары, шаар аянты, «Жыдыр» түздүгү жана көрүнүктүү азербайжан акыны Молла Панах Вагифтин мавзолейи менен таанышты. Сапардын алкагында конференциянын катышуучулары 8 айда курулуп, пайдаланууга берилген Карабахтын аба дарбазасы деп аталган Физули эл аралык аэропорту менен да таанышты. 25-майда Баку шаарында Азербайжан Республикасынын Милли Мажлиси, ТҮРКПА жана Азербайжан Республикасынын Акыйкатчы институту биргелешип «ТҮРКПАга мүчө мамлекеттерде адам укуктарын коргоо» аттуу конференцияны уюштурууда. Конференция ошондой эле Азербайжан Республикасынын Акыйкатчы институтунун 20 жылдыгына арналган.