TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак

ТүркПА Жаш парламентарийлер тобу алгачкы жыйыны

Дата
Көрүү
51

2022-жылдын 17-18-июнунда Нур-Султан шаарында Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин уюштуруусунда “Технология доорунда балдар жана жаштар - түрктөрдүн келечеги” деген темада Жаш парламентарийлер тобунун биринчи отуруму болуп өттү.

Жыйынга мүчө өлкөлөрдүн жана Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасынын жаш парламентарийлери жана Казакстандын “АМАНАТ” партиясынын жаш парламентарийлери катышты.

Иш-чаранын алкагында ТҮРКПАнын Төрагасы, Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин Төрагасы Ерлан Кошанов мырза Жаш парламентарийлер тобунун биринчи отурумунун катышуучуларын кабыл алды. Төрага жакында болуп өткөн референдумдун маанисин баса белгилеп, катышуучуларга Казакстанда жүргүзүлүп жаткан системалык реформалар жөнундө маалымат берди.

Программа Экспо 2017 Эл аралык көргөзмө борборуна, Улуттук музейге, Маалыматтык технологиялар Академиясына, Алжыр мемориалына барууну жана Жаш депутаттар корпусу менен панелдик жолугушууларды камтыган.

Мындай жолугушуулардын маанилүүлүгү баса белгиленип, жаш парламентарийлердин өлкөлөр ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле парламенттик дипломатиянын ролун бекемдөөгө кошкон салымын жогору бааланды.