TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА жана Казакстандын Биринчи Президентинин китепканасы кызматташтык Меморандумуна кол коюшту

ТҮРКПА жана Казакстандын Биринчи Президентинин китепканасы кызматташтык Меморандумуна кол коюшту

Дата
Көрүү
120
2021-жылдын 23-ноябрында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр мырза жетектеген делегация Казакстан Республикасынын Биринчи Президенти – Элбашынын китепканасынын директору Бакытжан Темирболат мырза менен жолугушту. Башкы катчы Биринчи Президент Нурсултан Назарбаевдин Түрк дүйнөсүн бекемдөөгө кошкон салымынын маанилүүлүгүн белгилеп, билим берүү, илим, тарых жана маданияттын борбору болгон китепкана менен кызматташууга даяр экенин билдирди. Тараптар бири-бирине жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар боюнча маалымат беришип, келечектеги биргелешкен долбоорлорду талкуулашты. Жолугушуунун алкагында Элбашы китепканасы менен ТҮРКПАнын ортосунда кызматташуу жөнүндө Меморандумуна кол коюлду. Бакытжан Темирболат мырза Түрк элдеринин ортосундагы маданият жаатындагы байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган Меморандумга кол коюу маанилүү символикалык окуя болгонун баса белгиледи. ТҮРКПАнын делегациясы ошондой эле Казакстан Республикасынын Биринчи Президентинин китепканасынын музейи менен да танышты.