TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА Венгрияда өткөн Хун-Түрк Курултайына катышты

ТҮРКПА Венгрияда өткөн Хун-Түрк Курултайына катышты

Дата
Көрүү
172
2024-жылдын 9-11-августунда Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Мажарстанда өткөн Мажарстандын "Туран" фонду тарабынан уюштурулган салттуу Хун-Түрк курултайына катышты. Курултайга дүйнөнүн ар кайсы бурчунан хун-түрк элдеринин өкүлдөрү, анын ичинде түрк кызматташтык уюмдарынын, дипломатиялык корпустун жана илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү, парламентарийлер жана башка кызмат адамдары катышты. Курултай Мажарстандын Улуттук Жыйынында (Парламентинде) өткөрүлгөн ачылыш аземи менен башталды. Иш-чараны Мажарстандын Улуттук Жыйынынын Төрагасынын орун басары Шандор Лежак ачып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Ачылыш аземинде ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр да сөз сүйлөдү. Башкы катчы өз сөзүндө Хун-Түрк курултайы улуу ата-бабаларга болгон сый-урматтын, Атилла мурасынын жана мажар жана түрк элдеринин ортосундагы бекем байланыштардын көрүнүшү экенин белгиледи. Ал тарыхый байланыштар Мажарстан менен түрк дүйнөсүнүн бардык деңгээлдеги кызматташтыгын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөрүн баса белгилеп, бул контекстте Мажарстандын Улуттук Жыйынынын ТҮРКПАнын иш-чараларына жогорку деңгээлдеги активдүү катышуусуна токтолду. Башкы катчы түрк дүйнөсүнүн тарыхый жана маданий мурастарын жайылтууну түрк кызматташтыгынын максаттарынын бири деп атап, Хун-Түрк Курултайы Мажарстандын орток мурасты жайылтууга кошкон дагы бир салымы болгонун, Армин Вамбери, Гюла Немет, Мандоки Конгур Иштван сыяктуу чыгаан чыгыш таануучу жана түркологдорду тарбиялап өстүргөнүн баса белгиледи. Курултайдын негизги бөлүгү Бугачта өттү. Курултайдын бай программасынын алкагында ар кандай көргөзмөлөр, сынактар, анын ичинде Атилланын чатыры (алп боз үйдүн көргөзмөсү), ат оюндары, тазылардын (борзой ит породасы) презентациясы, шумкар тартуу, көчмөндөрдүн жүрүшү, элдик музыка жана бий оюндары, жаа атуу, улуттук бел боо күрөшү жана ат чабыштары боюнча мелдештер, ошондой эле илимий жана окуу лекциялары уюштурулду. Программанын алкагында түрк кызматташтык уюмдарынын жетекчилеринин катышуусунда Кызматташтык конференциясы да болуп өттү. Конференцияда сүйлөгөн сөзүндө Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр түрк дүйнөсүн изилдөөдө жана түркологиянын өнүгүшүндө маанилүү роль ойногон мажар түркологиясына токтолду. Ал Мажарстандын түрк дүйнөсү менен болгон карым-катнаштары мезгилдин сыноосунан өткөн тарыхый достук жана бир туугандык байланыштар экенин белгиледи. "Бүгүнкү күндө биздин орток тамырыбыз жана тарыхыбыз Мажарстан менен түрк дүйнөсүнүн жакындашуусуна жана кызматташуусуна бекем пайдубал болуп саналат. Мажарстандын тарыхында жана маданиятында түрк факторун баса белгилеген изилдөөлөр биздин элдерибиздин көп кылымдык карым-катнаштарынын илимий негизин түзөт. Бул контекстте мажар түркологиясынын мурастарын сактоо, терең изилдөө жана жайылтуу мамлекеттерибиздин ортосундагы кызматташтыкты мындан ары да өнүктүрүүгө жана тереңдетүүгө жана аны келечек муундарга өткөрүп берүүгө көмөктөшөт", - деп кошумчалады Башкы катчы. Ал ошондой эле ТҮРКПА менен Мажарстандын "Туран" фондунун ортосундагы кызматташтыктын жалпы мурасты сактоо жана жайылтуу сыяктуу жалпы максаттарга жетүүдөгү маанисин баса белгиледи. Курултайдын программасы от шоу менен жыйынтыкталды. Хун-Түрк Курултайы Европанын кеңири аймактарынан миңдеген катышуучуларды чогулткан эң ири иш-чаралардын бири. Курултай байыркы каада-салттарды сактоо майрамы болуп саналат жана Хун-Түрк элдеринин байыркы маданиятын жайылтууга жана жалпы тамыр жана мурас сезимин тарбиялоого өбөлгө түзөт. Хун-Түрк Курултайы салттуу түрдө Мажарстандын Бугач шаарында белгилүү окумуштуу Андраш Жолт Биро жетектеген Мажарстандын "Туран" фонду тарабынан уюштурулууда. ТҮРКПА менен Мажарстандын "Туран" Фондунун ортосундагы өз ара аракеттенүү 2022-жылы кол коюлган Кызматташтык жөнүндө меморандумдун алкагында өнүгүп келүүдө.