TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин жыйынына катышты

ТҮРКПА Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин жыйынына катышты

Дата
Көрүү
130
ТҮРКПАнын Башкы катчысы 2021-жылдын 11-ноябрында Стамбул шаарында Түрк Кеңешинин 8-Саммитинин алкагында өткөн Түрк Кеңешинин Тышкы иштер министрлеринин Кеңешинин жыйынына катышты. Жыйынга Түрк Кеңешине мүчө мамлекеттердин, ошондой эле Түркмөнстандын, Венгриянын Тышкы иштер министрлери жана Түрк кызматташтык уюмдарынын жетекчилери катышты. Жыйында Азербайжан тарабы төрагалыкты Түркия Республикасына өткөрүп берди. Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр өз сөзүндө Түрк тилдүү мамлекеттердин эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына туш келген 8-Саммитин боордош мүчө-өлкөлөрдүн биримдигин жана кызматташтыгын чыңдоо жагынан маанилүү окуя катары белгиледи. Башкы катчы Ассамблеянын учурдагы жана келечектеги ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, ТҮРКПАнын Түрк кызматташтыгынын парламенттик өлчөмү катары өз милдеттерин аткарууга чечкиндүүлүгүн ырастады. Күн тартиби боюнча тиешелүү документтер жана 12-ноябрда өткөрүлө турган мамлекет башчыларынын саммити учурунда кол коюла турган саммиттин Декларациясы министрлер тарабынан макулдаштырылды.