ТҮРКПА “Түркстан – Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору” аттуу конференцияга катышты
Дата
Көрүү
124
2021-жылы 24-майда ТҮРКПА Баш катчынын орун басары Али Йылдыз “Түркстан – Түрк дүйнөсүнүн руханий борбору: интеграция жана кызматташтыктын перспективалары” аттуу Ахмет Йесеви Эл аралык Казак-Түрк университети уюштурган конференцияга катышты.
Иш-чарага парламенттердин депутаттары, түрк кызматташтык уюмдарынын башчылары жана өкүлдөрү, ошондой эле илимий чөйрөлөрдүн өкүлдөрү катышышты.
Өз сөзүндө Йылдыз мырза, Түркстандын түрк дүйнөсүнүн руханий борбору катары өзгөчө ролун баса белгиледи. Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы интеграциялык процесстердеги түрк институционалдык кызматташтыгынын ролун жана Казакстан Республикасынын Тунгуч Президенти – Эл башы Нурсултан Назарбаевдин жеке салымын белгиледи, бул алкакта “түрк кызматташтыгы” термини эл аралык мамилелер тутумунун ичинде өзгөчө орун алгандыгын билдирди. Түрк тилдүү мамлекеттердин ортосундагы кызматташуунун чоң мүмкүнчүлүктөрүн белгилеп Йылдыз мырза Ассамблеянын алкагында жүргүзүлүп жаткан иш чаралар жөнүндө маалымат берди.