ТҮРКПА ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссияларынын 8-жыйынына катышты
Дата
Көрүү
124
2022-жылдын 13-14-майында Башкы катчынын орун басары Фуад Алакбаров мырза Түркиянын Бурса шаарында болуп өткөн ТҮРКСОЙго мүчө мамлекеттердин ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссияларынын 8-жыйынына катышты.
Жыйын ТҮРКСОЙ, Түркиянын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясы жана Бурса муниципалитети биргелешип, 2022-жылдагы түрк дүйнөсүнүн маданий борбору Бурса шаарында өткөрүлгөн иш-чаралардын алкагында уюштурулду. Жыйынга Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Түркмөнстан жана Монголиянын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссияларынын өкүлдөрү, ошондой эле ТҮРКПАнын, Түрк маданияты жана мурасы фондунун, Түрк академиясынын жана Ислам тарыхын, искусствосун жана маданиятын изилдөө борборунун (IRCICA) өкүлдөрү катышты.
Ачылыш аземинде ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев мырза, Түркиянын ЮНЕСКО иштери боюнча улуттук комиссиясынын Президенти профессор, доктор Өжал Огуз мырза, Бурса муниципалитетинин Вице-мэри Мурат Демир мырза, ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз улуттук комиссиясынын Башкы катчысы Сабира Солтонгелдиева айым, ошондой эле кызыкдар мекемелердин жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү сөз сүйлөштү.
Ачылыш сессиясынын соңунда ЮНЕСКО иштери боюнча Кыргыз улуттук комиссиясынын төрагалыгы Түркияга тапшырылды. Тапшыруу аземинен кийин Баш катчынын орун басары Фуад Алакбаров мырза жана башка катышуучулар ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев мырза тарабынан атайын белектер менен сыйланышты. Экинчи сессиянын жүрүшүндө «Материалдык эмес маданий мурас», «Маданий жана табигый мурас», «Дүйнөнүн эс тутуму жана билим» аттуу семинарлар өткөрүлүп, катышуучулар маданий мурастын абалын, учурдагы көйгөйлөрдү жана келечектеги биргелешкен иш-аракеттерди талкуулашты.
Иш-чара жумушчу отчетторду сунуштоо менен жыйынтыкталды.