TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА ТҮРКСОЙдун Туруктуу Кеңешинин 41-жыйынына катышты

ТҮРКПА ТҮРКСОЙдун Туруктуу Кеңешинин 41-жыйынына катышты

Дата
Көрүү
170
2024-жылдын 16-ноябрында ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Сакы Садыков Ашхабад шаарында Түркмөнстандын Маданият министрлиги тарабынан уюштурулган ТҮРКСОЙдун Туруктуу Кеңешинин 41-жыйынына катышты. Жыйынга Түркмөнстандын Маданият министри, ТҮРКСОЙдун учурдагы координатору Атагелды Шамурадов, Өзбекстан Республикасынын Маданият министри Озодбек Назарбеков, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Гүлбара Абдыкаликова, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары Сердар Чам, Казакстан Республикасынын Маданият жана спорт министрлигинин Маданият комитетинин Төрайымы Күмүс Сеитова, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев жана башка кызмат адамдары катышты. Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар түрк мамлекеттердин ортосундагы маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган долбоорлор тууралуу пикир алмашышты. Күн тартибинде Актау шаарынын "2025-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору” деп жарыяланышына байланыштуу иш-чараларды пландаштыруу, түрк дүйнөсүнүн орток маданий мурастарын даңазалоого байланышкан маселелер, туруктуу кызматташтык процесстери каралды. ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев өз сөзүндө ТҮРКСОЙ өз ишин түрк дүйнөсүнүн колдоосу менен ийгиликтүү жүргүзүп келе жатканын белгиледи. Ал жалпы маданият туш болгон глобалдык коркунучтарды жоюуда түрк мамлекеттердин биргелешкен аракеттеринин маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле, орток маданият түрк элдеринин тилектештигин жана кызматташтыгын чыңдоочу маанилүү булак экенин белгилеген ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы ТҮРКСОЙ мындан ары да өз ишмердүүлүгүн ар тараптан өнүктүрүп, биргелешкен күч-аракеттер менен максаттарына жете турганын билдирди. ТҮРКСОЙдун Туруктуу Кеңеши Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин сунушу менен белгилүү ойчул жана жазуучу Зия Гөкалптын 150 жылдыгына байланыштуу 2026-жылды "Зия Гөкалп жылы" деп жарыялады. Ушул эле күнү Түркмөнстандын Ахал областынын Ак Бугдай шаарындагы "Түркмөн Ак Өйү" имаратында "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору-2024” (Түркмөнстандын Анау шаары "2024-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" болгон) салтанатынын жабылыш аземи болуп өттү. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Башкы катчынын орун басары Сакы Садыков Анау шаарынын байыркы тарыхына токтолуп, түрк элдеринин тарыхый мурастарын даңазалаган иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. Түрк мамлекеттердин ортосундагы маданий-гуманитардык байланыштар ийгиликтүү өнүгүп жатканына жана түрк маданиятынын эл аралык деңгээлде даңазаланышына канааттануусун билдирген Сакы Садыков түрк дүйнөсүндөгү маданий кызматташтыктын мындан ары да динамикалуу өнүгүшүнө ишенимин билдирди. Программада концерттер, түрк элдеринин бий топторунун спектаклдери, живопись, скульптура жана фотосүрөт көргөзмөлөрү, ошондой эле ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн музейлеринин директорлорунун катышуусунда атайын жолугушуулар болду. Салтанаттын жүрүшүндө Актау шаарынын атынан келген делегацияга "Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" символу жана "2025-жылдагы Түрк дүйнөсүнүн маданий борбору" деп жарыляанган Актау шаарында өтүүчү "Коркут-Ата" кинофестивалынын символу болгон турна кушу тапшырылды.