TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТүркПА Түркияда өткөн конституциялык референдумга оң баа берди

ТүркПА Түркияда өткөн конституциялык референдумга оң баа берди

Дата
Көрүү
136
2017-жылдын 16-апрелинде өткөн Түркиянын Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча референдумдун жыйынтыктарына арналган пресс-конференцияда ТүркПАнын байкоочу миссияынын мүчөсү, Азербайжан Республикасынын Милли Межлисинин депутаты А. Амирасланов «Түркиянын Конституциясына өзгөртүү киргизүү боюнча референдум улуттук мыйзамдардын чегинде жана эл аралык стандарттарга ылайык өттү» деп жарыялады. Азербайжан, Казакстан, Кыргыз Республикасынан келген депутаттардан куралган ТүркПАнын кыска мөөнөттүк байкоочу миссиясы Анкара шаарында добуш берүү участокторунда болуп, берилген добуштарды санооо процессине катышты. Добуш берүү күнүнө чейин ТүркПАнын делегациясы Түркиянын Борбордук Шайлооо Комиссиясынын Төрагасы С.Гүвен менен жана парламенттеги негизги партиялардын жетекчиликтери менен жолушту. Өткөн референдум боюнча миссия өз маалымдамасын жарыялады. STATEMENT