TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА Түрк укуктук тарыхы боюнча Эл аралык Курултайга катышты

ТҮРКПА Түрк укуктук тарыхы боюнча Эл аралык Курултайга катышты

Дата
Көрүү
165
2023-жылдын 6-декабрынан 8-декабрына чейин Анкара шаарындагы Президенттик Улуттук китепканасында өткөн Түрк укуктук тарыхы боюнча Эл аралык Курултайга Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар комиссиясынын катчысы Кадир Яман жана Катчылыктын юридикалык кызматкери Азар Маммадов катышты. Курултайды Түркиянын Юстиция Академиясы Түрк тарых коому жана Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (TİKA) менен биргеликте уюштурган. Иш-чарага академиялык коомчулуктун өкүлдөрү, өзгөчө Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан, Венгрия жана Түндүк Кипр Түрк Республикасынан келген укук таануучулар жана тарыхчылар, ошондой эле Түрк Кызматташтык Уюмдарынын мамлекеттик ишмерлери жана өкүлдөрү катышты. Түркия Республикасынын Юстиция министри Йылмаз Тунч, Түркиянын Юстиция Академиясынын Президенти Мухиттин Өздемир, Түрк тарых коомунун Президенти проф. док. Дерья Өрс жана Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысынын орун басары Сади Жафаров ачылыш аземинде сөз сүйлөштү. Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын 29-Төрагасы, ТҮРКПАнын мурдагы Төрагасы Мустафа Шентоп Курултайда негизги баяндамачы катары сөз сүйлөдү. Шентоп мырза укуктун түшүнүгү жана маңызына токтолуп, түрктөрдүн укуктук тарыхын изилдөөнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Ал түрк дүйнөсүндөгү укуктук кызматташтыкка токтолуп, бул контекстте ТҮРКПАнын ишмердүүлүгүнө, өзгөчө моделдик мыйзамдарды иштеп чыгууга басым жасады. Шентоп мырза ошондой эле дүйнөдө болуп жаткан саясий окуялардын фонунда эл аралык укуктун эрозиясынын проблемаларына да токтолду. Ошондой эле түрк дүйнөсүндө орток алфавиттин маанисин жана анын маданий баалуулуктарды жеткирүүдөгү ролун баса белгилеп, бул багытта зор аракеттер жүргүзүлүп жатканын да айта кетти. Курултай азыркы укуктук теория жана практика үчүн баалуу булак менен камсыз кылуу жана маалымдуулукту жогорулатуу менен бирге түрк мамлекеттердин жана элдеринин орток укуктук түшүнүгүн өнүктүрүүгө багытталган. Программа “Түрктөрдүн укуктук тарыхын калыптандыруучу мамлекеттик ишмерлер”, “Түрктөрдүн укуктук тарыхын калыптандыруучу институттар”, “Түрктөрдүн укуктук тарыхын калыптанган укук таануучулар”, “Түрктөрдүн укуктук тарыхын калыптандыруучу укуктук тексттер” жана “Түрктөрдүн укуктук тарыхын калыптандыруучу окуялар” аттуу беш сессияны камтып, алардын жүрүшүндө катышуучулар түрк мамлекеттердин уникалдуу укуктук системалары жана салттары тууралуу маалымат бөлүшүштү. Иш-чара жыйынтыктоочу сессия жана баалоо сессиясы менен жыйынтыкталды. Курултайдын алкагында ТҮРКПАнын делегаттары Түркиянын Юстиция Академиясынын Президенти Мухиттин Өздемир менен жолугушту. Жолугушууда эки мекеменин ортосундагы кызматташуунун келечеги талкууланды.