ТҮРКПА Түрк мамлекеттердин ортопеддери жана травматологдорунун эл аралык конгрессинин ачылыш аземине катышты
2026-жылдын 4-сентябрында ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Талгат Адуов мырза Азербайжандын Баку шаарында Азербайжан ортопеддер коомчулугу жана Түркиянын ортопедия жана травматология коому тарабынан биргелешип уюштурулган Түрк мамлекеттердин ортопеддери жана травматологдорунун эл аралык конгрессинин ачылыш аземине катышты.
Конгресске Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия, Өзбекстан жана Түндүк Кипр Түрк Республикасы (ТКТР), ошондой эле АКШ, Германия, Россия, Түндүк Македония, Греция жана Болгариядан 500гө жакын алдыңкы адистер катышууда.
Ачылыш аземинде сөз сүйлөгөн Талгат Адуов мырза ТҮРКПАнын Башкы катчысы Элчи Рамил Хасан мырзанын уюштуруучуларга жана конгресстин катышуучуларына жолдогон саламын жеткирип, Конгресстин түрк мамлекеттердин ортосундагы илимий жана кесиптик кызматташтыкты өнүктүрүүдөгү маанилүүлүгүн белгиледи. Ал тажрыйба, билим жана заманбап медициналык практикалар менен алмашуунун, ошондой эле кесиптик байланыштарды чыңдоонун маанисине токтолду. Ошону менен бирге саламаттык сактоо тармагындагы кызматташтыктын ТҮРКПАнын күн тартибиндеги актуалдуулугун белгилеп, түрк дүйнөсүндөгү мекемелердин, эксперттердин, академиялык чөйрөлөрдүн жана кесиптик уюмдардын ортосундагы өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүүдө парламенттик дипломатиянын ролуна көңүл бурду.
Конгресстин иши панелдик талкуулар менен уланды.
Иш-чаранын негизги максаты түрк мамлекеттердин ортосунда саламаттык сактоо тармагындагы илимий жана практикалык кызматташтыкты өнүктүрүү, травматология жана ортопедия жаатында тажрыйба жана эксперттик билим алмашууга көмөктөшүү, диагностика жана дарылоонун заманбап ыкмаларын талкуулоо, ошондой эле биргелешкен илимий демилгелерди колдоо болуп саналат.
Издөө
Акыркы жаңылыктар
-
Meeting of TURKPA Council was held in Bishkek
- 20 Oct 2026