TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА Түрк кызматташтык уюмдарынын Координациялык комитетинин 5-жыйынына катышты

ТҮРКПА Түрк кызматташтык уюмдарынын Координациялык комитетинин 5-жыйынына катышты

Дата
Көрүү
161
ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр жетектеген делегациясы 2025-жылдын 12-мартында Стамбулда өткөн Түрк кызматташтык уюмдарынын Координациялык комитетинин бешинчи жыйынына катышты. Жыйын Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев тарабынан уюштурулуп, ага ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, Түрк академиясынын президенти Шахин Мустафаев, Түрк маданияты жана мурасы фондунун президенти Актота Раимкулова катышты. Бул жылкы жыйынга биринчи жолу Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлеринин орун басарлары Самир Шарифов (Азербайжан), Алибек Бакаев (Казакстан), Медер Абакиров (Кыргызстан), Айше Беррис Экинжи (Түркия), Бабур Усманов (Өзбекстан), ошондой эле Венгриянын Түркиядагы элчиси Виктор Матис, Түркмөнстандын Түркиядагы элчиси Мекан Ишангулиев, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Мустафа Лакадамьялы жана Түрк инвестициялык фондунун улук кеңешчиси Эрхан Тюрбедар катышты. Жыйын Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиевдин ачылыш сөзү менен башталып, андан кийин Түрк кызматташтык уюмдарынын өкүлдөрүнүн билдирүүлөрү менен коштолду. Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр өз сөзүндө ТҮРКПАнын башкаруу органдарына, ишмердүүлүк чөйрөсүнө, соңку демилгелерге жана алдыдагы пландарга сереп салды. Ал ошондой эле Түрк кызматташтык уюмдарынын жалпы өзгөчөлүктөрү жана бири-бирин толуктап турган мүнөзү боюнча ишмердүүлүгүнө токтолуп, катышуучулардын ТҮРКПАга байланыштуу суроолоруна жооп берди. Жыйын жогорку даражалуу расмий адамдар жана дипломатиялык өкүлдөрдүн Түрк кызматташтыгынын иш-аракеттерине карата бөлүшкөн пикирлери жана көз караштары менен аяктады.