TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА Түрк кызматташтык уюмдарынын Координациялык комитетинин 4-жыйынына катышты

ТҮРКПА Түрк кызматташтык уюмдарынын Координациялык комитетинин 4-жыйынына катышты

Дата
Көрүү
162
ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр баштаган делегация 2024-жылдын 19-январында Стамбул шаарында өткөн Түрк кызматташтык уюмунун Координациялык комитетинин төртүнчү жыйынына катышты. Жыйынга Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, Эл аралык Түрк академиясынын Президенти Шахин Мустафаев, Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президенти Актоты Райымкулова жана башка Түрк кызматташтык уюмдарынын өкүлдөрү катышты. Жыйында сөз сүйлөгөн Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Түрк Кызматташтык Уюмдарынын ар бири өз ишмердүүлүгүнүн багыты боюнча көп тараптуу кызматташтыктын алкагындагы милдеттерин аткарып, түрк мамлекеттердин ортосундагы ар тараптуу мамилелерди чыңдоого жана андан ары өнүктүрүүгө багытталган иштерди жүргүзүп жатканын белгиледи. Бул контекстте ТҮРКПА Түрк кызматташтыгынын парламенттик өлчөмү жана парламенттер аралык кызматташтык платформасы катары өзүнүн кызматташуу механизмдери жана инструменттери менен парламенттердин тыгыз өз ара аракеттенүүсүнө салым кошуп келе жатканын билдирди. Катышуучулар өз уюмдарынын акыркы мезгилдеги ишмердиги тууралуу маалымат беришти. Иш-чаралардын жемиштүү болушу үчүн жакшы координациялоо жана тыгыз кызматташуу зарылдыгы баса белгиленди. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар мүмкүн болуучу биргелешкен иш-чараларды жана 2024-жылга карата биргелешкен иш-чаралардын иш планын талкуулашты.