TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА Түрк дүйнөсүнүн IV эл аралык инженердик конференциясына катышты

ТҮРКПА Түрк дүйнөсүнүн IV эл аралык инженердик конференциясына катышты

Дата
Көрүү
1646

2026-жылдын 5-8-майында ТҮРКПАнын Башкы катчысынын орун басары Мухаммет Алпер Хаяли мырза Түркия–Азербайжан ишкерлер жана өнөр жайчылар коомдук бирлиги (TÜİB) жана Түрк кызматташтык жана координация агенттиги (TİKA) тарабынан уюштурулган Түрк дүйнөсүнүн IV эл аралык инженердик конференциясына катышты.

Конференция түрк мамлекеттеринин мамлекеттик органдарынын, коомдук секторунун, илимий чөйрөсүнүн жана ишкер чөйрөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүн бириктирди. Иш-чара түрк дүйнөсүндө кызматташтыкты өнүктүрүү, технологиялык прогресске көмөк көрсөтүү жана жалпы келечекти түзүүгө багытталган биргелешкен демилгелерди илгерилетүү үчүн маанилүү аянтча болду.

Жыйындын ачылыш бөлүгүндө Түрк инженерлер ассоциациясынын президенти Яшар Йекебагжы мырзаТүркиянын мамлекеттик кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин президенти Өндер Кахвечи мырза, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысынын орун басары Саит Юсуф мырза, Киберкоопсуздук башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Юсуф Танжан мырза, АК партиясынын Борбордук аппаратынын тышкы байланыштар боюнча жетекчисинин орун басары Левент Али Йылдыз мырза, АК партиясынан Стамбул шаары боюнча парламенттин депутаты, Түркия–Азербайжан парламенттер аралык достук тобунун жана AİBPAнын Экономика боюнча комиссиясынын төрагасы Шамиль Айрым мырза, кесиптик жана жарандык коом уюмдары боюнча MHP төрагасынын орун басары, Анкара шаары боюнча парламенттин депутаты Яшар Йылдырым мырза, ошондой эле АК партиясынын төрагасынын орун басары, түрк мамлекеттери менен байланыштар боюнча жетекчиси жана Анкара шаары боюнча парламенттин депутаты Күршад Зорлу мырза протоколдук сөз сүйлөштү.

Саммиттин программасы түрк дүйнөсүндө биргелешкен инженердик билим берүү, коргоо өнөр жайы, энергетика жана туруктуу өнүгүү, жер титирөөгө туруктуу курулуш, киберкоопсуздук, ошондой эле генеративдик жасалма интеллектти колдонуу сыяктуу негизги багыттарга арналган кеңири сессияларды камтыды.

Башкы катчынын орун басарын ТҮРКПАнын изилдөө боюнча эксперти Камила Музаффарли айым коштоп жүрдү.