ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА Түрк цивилизациясынын мурастарын сактоо жөнүндө Конвенциянын долбоору боюнча онлайн жыйынга катышты

ТҮРКПА Түрк цивилизациясынын мурастарын сактоо жөнүндө Конвенциянын долбоору боюнча онлайн жыйынга катышты

Дата
Көрүү
963

2026-жылдын 22-сентябрында ТҮРКПАнын Укуктук маселелер жана эл аралык байланыштар боюнча комиссиясынын катчысы доктор Кадир Яман Түрк цивилизациясынын мурастарын сактоо жөнүндө Конвенциянын долбоорун талкуулоого арналган онлайн жыйынга катышты.

Конвенциянын долбоору Түрк маданияты жана мурасы фонду тарабынан «Түрк дүйнөсүнүн келечеги – 2040» стратегиялык документинин, Түрк дүйнөсүнүн Хартиясынын жана "TURKTIME" Программасынын максаттарын ишке ашыруу, ошондой эле 2026-жылдын 15-майында Түркстан шаарында өткөн Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын бейрасмий жыйынынын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган Иш-аракеттер планын аткаруу максатында даярдалган.

Жыйынга мамлекеттердин маданий мурастарды коргоо, эл аралык кызматташтык жана эл аралык укук жаатындагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана эксперттери катышып, Конвенциянын долбоорунун тексти, тараптардан келип түшкөн сын-пикирлер жана сунуштар, ошондой эле аны мындан ары макулдашуу жана тактоо ыкмалары талкууланды.