TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА Түндүк Кипр Түрк Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 41 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты

ТҮРКПА Түндүк Кипр Түрк Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 41 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты

Дата
Көрүү
193
ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр жетектеген делегация 2024-жылдын 15-ноябрында Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) түзүлгөндүгүнүн 41 жылдыгына арналган иш-чараларга катышты. Майрамдык иш-чаралардын алдында – 14-ноябрда ТҮРКПА делегациясын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар жана ТКТР Жыйынынын Төрагасы Зия Өзтүрклер кабыл алышты. Ушул эле күнү ТҮРКПА делегациясы Гирне аскердик орууканасынын ачылыш аземине да катышты. 15-ноябрда Түндүк Кипр Түрк Республикасынын түзүлгөнүнүн 41 жылдыгын белгилөө программасы Президент Эрсин Татар тарабынан куттуктоолорду кабыл алуу аземи менен башталды. Андан соң программа Лефкошадагы Мустафа Кемал Ататүрктүн эстелигине гүлчамбар коюу аземи менен уланды. Иш-чарага Президент Эрсин Татар, Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз, ТКТР Парламентинин Төрагасы Зия Өзтүрклер, ТКТРнын Премьер-министри Үнал Устел, Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын Төрагасынын орун басары Желал Адан, Азербайжан жана Түркиянын парламентарийлери, министрлер, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын жана Түркиянын саясий партияларынын өкүлдөрү, башка жогорку даражалуу мамлекеттик жана аскердик кызмат адамдары жана жарандар катышты. Майрамдык иш-чаралардын негизги бөлүгү Фазил Күчүк бульварында өттү. Майрамдык салтанаттын ачылышында Президент Эрсин Татар жана Түркия Республикасынын Вице-президенти Жевдет Йылмаз сөз сүйлөштү. Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайып Эрдогандын Түндүк Кипр Түрк Республикасынын түзүлгөндүгүнүн 41 жылдыгына карата жөнөтон куттуктоо каты окулду. Фольклордук бий шоусу жана Түркия Республикасынын Улуттук Коргоо министрлигинин Мехтеран бөлүгүнүн концертинен кийин салтанат расмий парад менен аяктады. Майрамдык программада Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Президенти Эрсин Татар менен Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Парламентинин Төрагасы Зия Өзтүрктердин атынан кабыл алуулар да орун алды. Түндүк Кипр Түрк Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эрди ТҮРКПА Катчылыгынын кызматкерлери Азер Маммадов жана Алескер Агаев коштоп жүрүштү.