ТҮРКПА Транс-Алтай туруктуулук диалогуна катышты
Дата
Көрүү
158
2023-жылдын 13-14-июнунда ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр жетектеген делегация Монголиянын Улан-Батор шаарында “Гендер жана туруктуулук” темасында өткөн Транс-Алтай туруктуулук диалогуна катышты. Иш-чараны Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралы (Парламенти), Пан Ги Мундун “Жакшы келечек үчүн” фонду, АКШнын “Стэнфорд” университети жана Корея Республикасынын “Эвха” Аялдар университети биргелешип уюштурган.
Ачылыш аземи менен башталган Эл аралык форумда Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралынын Төрагасы Гомбожав Занданшатар, Корея Республикасынын Улуттук Ассамблеясынын Вице-спикери Ким Ёнг-Жу, Уолтер Х. Шоренштейн атындагы Азия-Тынч океан изилдөө борборунун директору, Стэнфорд университетинин улук илимий кызматкери Ги-Вук Шин жана БУУнун сегизинчи Башкы катчысы, Пан Ги Мун “Жакшы келечек үчүн” фондунун Төрагасы Пан Ги Мун сөз сүйлөдү.
Иш-чара “Трансалтайдык изилдөөлөр боюнча эл аралык перспективалар”, “Аялдардын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү жана лидерлик”, “Эмгек базарында гендердик теңчилик”, “Билим берүүдөгү гендердик теңчилик”, “Гендердик зомбулук жана адам укуктары” жана “Гендердик теңчилик жана туруктуу өнүгүү” аттуу панелдик сессиялар менен уланды.
Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр Монголиянын Мамлекеттик Улуу Хуралынын Төрагасы Гомбожав Занданшатар, Монголиянын экс-президенти Энхбаяр Намбар жана академиялык коомчулуктун көрүнүктүү өкүлдөрү менен бирге “Трансалтайдык изилдөөлөр боюнча эл аралык перспективалар” аттуу сессиянын жүрүшүндө сөз сүйлөдү.
Башкы катчы өз сөзүндө Монголия менен түрк мамлекеттердин түпкү тамырына, географиялык жакындыгына, орток маданияты жана каада-салттарына негизделген мамилелерге токтолду. Алтайды түрк жана монгол элдеринин орток баалуулуктары калыптанган байланыш түйүнү деп атаган Баш катчы бул багыттагы изилдөөлөр элдердин ортосундагы мамилелердин тарыхын жана аларды байланыштырып турган баалуулуктарды чагылдыруу жагынан маанилүү экенин белгиледи. Ал ата-бабаларыбыздын өчпөс изин өзүндө сактаган Алтайдын түрк дүйнөсүнүн тарыхындагы маанилүү ролун да баса белгилеп кетти. Башкы катчы Алтайды тарых, этнография, маданият жана жаратылыш жагынан географиялык, тарыхый, маданий жана руханий феномен жана баа жеткис кенч катары баалады. Ал Алтайды маданияттардын чыныгы диалогу үчүн көп түрдүүлүктүн жана чөйрөнүн позитивдүү өз ара аракеттенүүсүнүн үлгүсү катары баалап, бул фактор дүйнөлүк тенденциялардын жана маданияттар аралык диалогду илгерилетүүнүн фонунда чоң мааниге ээ экенин баса белгиледи.
14-июнь күнү иш-чаранын алкагында катышуучулар “Терелж” улуттук паркына, Наадамга барышып, фестиваль жана башка маданий иш-чараларга да катышышты. Катышуучуларга салттуу элдик ыр-бийлер, көчмөндөрдүн маданияты жана каада-салттары, монгол улуттук күрөшү, улуттук жаа атуу, ат чабыш сыяктуу улуттук оюндар тартууланып, андан соң фестивалдын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү. Иш-чара жабылыш аземи менен аяктады.
Азияда жыл сайын өткөрүлүүчү Туруктуу өнүгүү боюнча Транс-Тынч океан диалогунун субрегионалдык атайын иш-чарасы катары, Туруктуу өнүгүү боюнча Транс-Алтай диалогу туруктуу өнүгүүнүн күн тартибине салым кошууга багытталган. Диалог ошондой эле Транс-Алтай регионунун маданиятына, тарыхына жана салттарына арналган.