TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА ТМУнун Тышкы иштер министрлер Кеңешинин 12-жыйынына катышты

ТҮРКПА ТМУнун Тышкы иштер министрлер Кеңешинин 12-жыйынына катышты

Дата
Көрүү
155
Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр 2025-жылдын 7-октябрында Азербайжан Республикасынын Габала шаарында Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) Он экинчи саммитинин алкагында уюштурулган ТМУнун Тышкы иштер министрлер Кеңешинин (ТИМК) XII жыйынына катышты. Жыйынга Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министри Жейхун Байрамов төрагалык кылып, анда Казакстан Республикасынын Тышкы иштер министри Ермек Көшербаев, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, Түркия Республикасынын Тышкы иштер министри Хакан Фидан, Өзбекстан Республикасынын Тышкы иштер министри Бахтиёр Саидов, Мажарстандын Тышкы иштер жана соода министри Петер Сийярто, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Тышкы иштер министри Тахсин Эртугруоглу, Түрк Мамлекеттер Уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, ошондой эле ТМУнун Аксакалдар кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, ошондой эле Түрк кызматташтык уюмдарынын башчылары - ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, Түрк академиясынын Президенти Шахин Мустафаев, Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президенти Актоту Райымкулова, Түрк инвестициялык фондунун Президенти Багдад Амреев, жана Түрк соода-өнөр жай палаталары союзунун Президенти Маммад Мусаев катышты. ТИМК Түрк Мамлекеттер Уюмунун (ТМУ) Он экинчи Саммитинде Мамлекет башчылар Кеңешинде (МБК) кол коюуга сунушталуучу долбоор документтерди соңуна чыгарды жана уюмдун күн тартибиндеги негизги маселелерди талкуулады. Жыйында Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр сөз сүйлөдү. Ал өз сөзүндө Түрк мамлекеттердин ортосундагы жетишкендиктерине, Түрк дүйнөсүндө тездик менен өнүгүп жаткан кызматташтыкка, ошондой эле Мамлекет башчыларынын күчтүү эрки менен чынында кубаныч жана сыймыктын булагы боло ала турчу биримдикти жана тилектештикти бекемдөөгө токтолду. Ал ТҮРКПАнын ишмердүүлүгүнө сереп салып, өзүнүн кызмат өтөө мезгилиндеги негизги демилгелерди жана жетишкендиктерди баса белгиледи. Акыркы жетишкендиктерге токтолуп, Башкы катчы мындай деп белгиледи: “Парламенттик дипломатия жаатындагы ишмердүүлүгүбүзгө өтөөрдөн мурун, алгач “узак мөөнөттүү иш-аракеттер” деп атоого арзый турган ТҮРКПАнын санариптик трансформация долбоорлорун айтып өткүм келет. ТҮРКПА 2023-жылы заманбап талаптарга ылайык расмий веб-сайтынын жаңыртылышы менен башталган Санариптик трансформация демилгесинин алкагындагы соңку кадамдар катары «Qanun» жана «Qamus» долбоорлорун ишке киргизгенине кубанычта. Түрк мамлекеттеринин мыйзамдарын бирдиктүү платформада изилдөөгө мүмкүнчүлүк берген «Qanun» долбоору жана түрк тилдеринин сөздөрүн салыштырма түрдө сунуштаган «Qamus» долбоору, биринчи кезекте парламенттик дипломатия чөйрөсүндө, Түрк дүйнөсүндөгү ар түрдүү тармактарда көп жылдар бою кызмат кыла турган маанилүү демилгелер болуп саналат. Бул долбоорлор "тилде, ойдо жана аракетте биримдик" ураанынын заманбап талаптары катары каралышы керек.” Башкы катчы ошондой эле акыркы төрт жыл ичинде ТҮРКПАнын Башкы катчысы болуп кызмат кылгандыгы жана боордош мамлекеттер жана элдердин ортосундагы чын ыкластуу кызматташуунун бир бөлүгү болгондугу менен терең сыймыктанарын билдирди. ТҮРКПАнын Башкы катчысы болуп шайланган боордош Азербайжандын өкүлү Рамил Хасанга келечектеги иштерине ийгиликтерди каалады. Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эрди комиссия катчылары Айнура Абуталибова жана Кадир Яман коштоп жүрүштү.