TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА ТМУнун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

ТҮРКПА ТМУнун түзүлгөндүгүнүн 15 жылдыгына арналган иш-чарага катышты

Дата
Көрүү
172
Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр 2024-жылдын 3-октябрында Түркиянын Анкара шаарында өткөн Түрк мамлекеттер уюмун түзүү боюнча Нахчыван келишимине кол коюлгандыгынын 15 жылдыгына жана Түрк мамлекеттердин кызматташтык күнүнө арналган иш-чарага катышты. Иш-чаранын алкагында түрк кызматташтыгынын жетишкендиктери жана аны бекемдөөгө багытталган демилгелер боюнча пикир алмашуу үчүн жогорку даражалуу кызмат адамдардын, сыйлуу коноктордун жана кызыкдар тараптардын катышуусунда "Түрк кызматташтыгынын учурдагы абалы жана келечеги" темасында панелдик талкуу өттү. Иш-чарада Түрк мамлекеттер уюмунун (ТМУ) Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр, Түрк академиясынын Президенти Шахин Мустафаев, Түрк маданияты жана мурасы фондунун (ТММФ) Президенти Актоты Раимкулова, Түрк инвестициялык фондунун (ТИФ) Президенти Багдад Амреев, Түрк маданиятынын эл аралык уюмунун (ТҮРКСОЙ) Башкы катчысынын орун басары Сайит Юсуф жана Түрк Соода-өнөр жай палатасынын (ТСӨП) Башкы катчысы Адем Кула сөз сүйлөштү. Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр өз сөзүндө түрк кызматташтыгы ата-бабалардын мурасы экенин жана бир тууган мамлекеттердин орток тарых, маданият, тил, каада-салт жана баалуулуктарга негизделген кызматташтыгынын нукура үлгүсү экенин баса белгиледи. Ал белгилегендей, бул кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү, түрк элдеринин биримдигин жана ынтымагын чыңдоо түрк элдеринин өткөн жана келечек муундардын алдындагы ыйык милдети. Түрк институционалдык кызматташтыгына токтолгон Башкы катчы бул кызматташтыктын ийгиликтүү өнүгүшү үчүн бардык өңүттөгү иш-чаралар маанилүү экенин белгилеп, бул контекстте түрк кызматташтык уюмунун ар биринин өзгөчө ролун баса белгиледи. Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр түрк кызматташтыгынын азыркы абалы, тажрыйбасы жана потенциалы жалпы келечекке ишенимдүү кароого мүмкүндүк берет деп билдирди. "Саясий эрк жана тилектештик, ар тараптуу кызматташтык, тарыхтын тереңинде тамыр жайган жалпылыктарыбыз жаркын жана ачык келечек үчүн ишенимдүү пайдубал түзөт. Ынтымагыбыздан күч алуу менен байланыштарыбызды дагы чыңдап, жаркын келечекти бирге курабыз",-деп кошумчалады ал. Андан соң суроо-жооп сессиясы өтүп, аудиторияга панелисттер менен түздөн-түз баарлашууга жана алардын суроолорун берүүгө баалуу мүмкүнчүлүк түзүлдү. Талкуулоодон кийин жогорку бийлик өкүлдөрүнүн катышуусунда кабыл алуу өттү.