ТҮРКПА ТДАИБнин (Түрк Дүйнөсүнүн архитекторлор жана инженерлер биримдиги) 14-пленардык жыйынына катышты
Дата
Көрүү
127
2021-жылы 30-июнда Баш катчынын орун басары Али Йылдыз Анкара шаарында өткөн Түрк Дүйнөсүнүн Архитекторлор жана инженерлер биримдигинин (ТДАИБ) 14-пленардык жыйынына катышты.
ТДАИБнин 20-жылдыгына карата уюштурулган пленардык жыйынына көптөгөн коноктор, анын ичинде жогорку деңгээлдеги кызматкерлер жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты. Ачылыш сөздөрүнөн кийин өткөн жылдын ишмердүүлүк жана бюджеттик аудити боюнча отчеттор талкууланды.
Жакынкы мезгилде ишке кирише турган ыйгарым укуктуу кызмат орундарына шайлоо өткөрүлдү. Түркия Республикасынын Айлана-чөйрөнү коргоо жана шаар куруу боюнча Министринин орун басары Мүжахит Демирташ кайрадан уюмдун президенти болуп шайланды.