ТҮРКПА Сууну башкарууну жакшыртуу боюнча семинарга катышты
Дата
Көрүү
117
2021-жылы 5-майда ТҮРКПА Айлана-чөйрө жана табигый ресурстар Комиссиясынын катчысы Эмин Хасанов Азербайжандын ФАО Өнөктөштүк жана байланыш Бюросу уюштурган “Сууну башкарууну жакшыртуу: Айыл чарбанын туруктуу өнүгүүсүнө көздөй буруу” аттуу семинарга катышты.
Азербайжандын ФАО Өнөктөштүк жана байланыш Бюросунун Башчысы Мелек Чакмак айым семинардын ачылышында катышуучулар менен саламдашты. Белгиленген жолугушуу тиешелүү министрликтердин, өкмөт агенттиктердин, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн жана эксперттерин бирге чогултту.
Аталган иш-чарада эффективдүү суу колдонуу, айыл чарбанын өндүрүмдүүлүгү жана азык-түлүктүн коопсуздугу, суу саясаты жана климаттын өзгөрүшүнүн таасири сыяктуу маселелерге көңүл бурулду.