TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА Шушада өткөн иш-чараларга катышты

ТҮРКПА Шушада өткөн иш-чараларга катышты

Дата
Көрүү
161
2023-жылдын 13-14-октябрында Азербайжан Республикасынын Маданият министрлиги тарабынан Шуша шаарында Азербайжан элинин улуттук лидери Гейдар Алиевдин 100 жылдыгына арналган Биринчи түрк дүйнөсүнүн маданий форуму болуп өттү. Форумдун ачылыш аземинде Азербайжан Республикасынын Маданият министри Адил Каримли, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, Түрк мамлекеттердин уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр, Түрк Академиясынын Президенти Шахин Мустафаев, Азербайжан Улуттук илимдер академиясынын Президенти Иса Хабиббейли жана Азербайжан Жазуучулар Биримдигинин Төрагасы Анар Рзаев, ошондой эле ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн илим, искусство, адабият жана маданият ишмерлери катышты. Иш-чарада сөз сүйлөгөн Башкы катчы Мехмет Сүрейя Эр мындай маданий иш-чаралар уникалдуу жана кайталангыс маданияттын жаратуучулары болгон түрк элдеринин бай мурастарын өнүктүрүүгө, жайылтууга жана алардын жакындашуусуна салым кошорун белгиледи. Ал дүйнөдө маданий дипломатиянын жана маданияттар аралык диалогдун мааниси өсүп жатканын эске алып, түрк дүйнөсүнүн таанылышын жогорулатуу зарылдыгын баса белгиледи. Форум өз ишин “Түрк тилдери жана адабияты: дифференциация жана интеграция”, “Маданий-тарыхый мурастарды коргоо жана реставрациялоо жаатындагы мыкты тажрыйбалар” жана “Чыгармачыл индустриялар жана инновациялар” деген үч панел менен улантты. Иш-чаранын катышуучулары улуттук лидер Гейдар Алиевдин эмгегин чагылдырган фотосүрөттөр, документтер жана видеоматериалдар камтылган көргөзмө менен таанышты. Коноктор Шушадагы Саатлы шаардык мечитинде жана чыгармачылык борборунда да болушту. 2023-жылдын 13-октябрында Башкы катчы ТҮРКСОЙдун Туруктуу кеңешинин 40-отурумуна да катышты. ТҮРКСОЙдун учурдагы координатору, Азербайжан Республикасынын маданият министри Адил Каримли, ТҮРКСОЙдун Башкы катчысы Султан Раев, Азербайжан Республикасынын Президентинин Шушадагы атайын өкүлү Айдын Керимов, Казакстан Республикасынын Маданият жана маалымат министрлигинин Маданият боюнча комитетинин Төрайымы Кумыс Сеитова, Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Кайрат Иманалиев, Өзбекстан Республикасынын Маданият министринин биринчи орун басары Баходир Ахмедов, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары доктор Сердар Чам, Түркмөнстандын Маданият министрлигинин Тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Билбил Бабаева, ТКТРдин Вице-премьер-министри, туризм, маданият, жаштар жана экология министри Фикри Атаоглу, Гагаузиянын (Молдавиянын) Маданият жана туризм башкы башкармалыгынын башчысы Марина Семенова, Түрк мамлекеттер уюмунун Башкы катчысы Кубанычбек Өмүралиев, ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сүрейя Эр, Түрк академиясынын Президенти Шахин Мустафаев иш-чаранын жүрүшүндө сөз сүйлөштү. 2023-жылдын 14-октябрында Башкы катчы Түрк академиясы тарабынан Биринчи түрк дүйнөсүнүн маданий форумунун алкагында уюштурулган түрк дүйнөсүндөгү тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо, реставрациялоо жана консервациялоо жаатындагы мамлекеттик саясат жана эл аралык кызматташуу боюнча тегерек столдо сөз сүйлөдү. Тегерек столго түрк мамлекеттеринин маданий мурас мекемелеринин жетекчилери катышты. Иш-чара Түрк дүйнөсүнүн жалпы маданий мурасын илгерилетүү жана сактоо боюнча тажрыйба, идеяларды алмашуу жана ыкмаларды иштеп чыгуу үчүн аянтча катары кызмат кылды. Катышуучулар маданий-тарыхый мурастарды реставрациялоо жана сактоо жаатында өз өлкөлөрүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүштү. Алар түрктөрдүн материалдык жана материалдык эмес маданий мурастарын сактоо жана жайылтуу боюнча күчтөрдү бириктирүүгө, анын ичинде маданий мурастарды санарип түрүндө эсепке алуу жана сактоо жаатында кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти. Түрк академиясы менен Азербайжан Республикасынын Маданият министрлиги биргелешип Түрк академиясы тарабынан даярдалган Түрк дүйнөсүнүн маданий маршруттары программасын түзүү боюнча концепцияны сунушташты. Программанын максаттары маданий мурастарды сактоо, тажрыйба алмашуу жана кызматташтык, туризм аркылуу экономиканы өнүктүрүү болуп саналат.