ТҮРКПА Стамбулда Түрк кызматташтык уюмдарынын координациялык жыйынына катышты
Дата
Көрүү
180
2026-жылдын 30-январында Башкы катчы Элчи Рамил Хасан баштаган ТҮРКПАнын делегациясы Стамбулдагы ТМУ Катчылыгынын имаратында өткөн Түрк кызматташтык уюмдарынын Координациялык кеңешмесинин 6-жыйынына катышты. Түрк Мамлекеттер Уюмунун Башкы катчысы Элчи Кубанычбек Өмүралиевдин төрагалыгы астында өткөн жыйынга ТҮРКСОЙ уюмунун Башкы катчысы Султан Раев, Эл аралык Түрк академиясынын Президенти, проф, доктор Шахин Мустафаев, Эл аралык Түрк маданияты жана мурасы фондунун Президенти Актоты Раимкулова, Түрк Инвестициялык Фондунун Экономикалык маселелер боюнча улук кеңешчиси Эрхан Турбедар жана Түрк Соода жана өнөр-жай палатасынын Башкы катчысы Адем Кула мырза катышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө Түрк кызматташтык уюмдарынын жетекчилери жана өкүлдөрү өз ишмердүүлүгүнүн негизги багыттарын жана уланып жаткан демилгелерди баса белгилеген презентацияла жана баяндамалар менен бөлүштү.
ТҮРКПАнын Башкы катчысы өз сөзүндө ТҮРКПАнын 2026-жылдагы иш-аракеттер планына кошкон салымын, анын ичинде биринчи Түркологиялык Конгресстин 100 жылдыгынын алкагында парламенттик дипломатияга багытталган эл аралык конференциянын өткөрүлүшүн баса белгиледи.
Башкы катчы мамлекет башчыларынын саммиттеринде жакшы координацияны камсыз кылуу үчүн жылына эки жолу ТКУнун координациялык жолугушууларын өткөрүүнү сунуштады. Сунуш катышуучулар тарабынан колдоого алынды.
Хасан мырза ошондой эле ТМУ менен ТҮРКПАнын ортосундагы кызматташтыкты бекемдөө, анын ичинде эксперттик деңгээлдеги тыгыз өз ара аракеттенүү, жогорку деңгээлде кабыл алынган чечимдерди ишке ашырууну колдоо жана парламенттик процесстерди мамлекет башчыларынын стратегиялык көз карашына шайкеш келтирүү маанилүү экендигин баса белгиледи.
Катышуучулар Түрк кызматташтыгына байланыштуу бир катар негизги маселелер боюнча талкууларга катышты. Өзгөчө, Азербайжандын Габала шаарында өткөн Түрк Мамлекеттер Уюмунун 12-саммитинде кабыл алынган мамлекет башчыларынын тиешелүү чечимдерин жана көрсөтмөлөрүн ишке ашырууга көңүл бурулду.
Биринчи Түркологиялык Конгресстин 100 жылдыгынын алкагында биргелешкен иш-чараларды уюштурууга өзгөчө басым жасалып, анын тарыхый мааниси баса белгиленди.
Жыйындын акыркы этабында Түрк кызматташтык уюмдарынын 2026-жылга карата иш-аракеттер планы сунушталды. Катышуучулар сунушталган иш-чараларды карап чыгып, пикир алмашып, координацияны жана натыйжалуулукту мындан ары жогорулатууга багытталган пикирлерин жана сунуштарын беришти. Талкуудан кийин 2026-жылга карата иш-чаралар планы кабыл алынды.
Башкы катчыны орун басары Талгат Адуов жана комиссиянын катчысы Айнура Абуталибова коштоп барышты.