TURKPA

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

ТҮРКПА ишмердиги жөнүндө маалымат алуу үчүн бизди социалдык тармактарда ээрчиңиз

Социалдык тармак
ТҮРКПА ШБМ Өзбекстандын саясий партияларынын жетекчилери менен жолугушуулар өткөрдү

ТҮРКПА ШБМ Өзбекстандын саясий партияларынын жетекчилери менен жолугушуулар өткөрдү

Дата
Көрүү
171
2024-жылдын 25-26-октябрында ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясы Ташкент шаарында Өзбекстан Республикасынын Олий Мажлисинин Мыйзам чыгаруу палатасына шайлоосуна катышкан саясий партиялардын жетекчилери менен жолугушуулар өткөрдү. Бул жолугушуулардын жүрүшүндө миссиянын маектештери Өзбекстандын Либерал-демократиялык партиясынын жетекчиси Актам Хаитов, "Миллий тикланиш" демократиялык партиясынын жетекчиси Алишер Кадыров, Өзбекстандын Элдик-демократиялык партиясынын жетекчиси Улугбек Иноятов, Өзбекстандын "Адолат" Демократиялык партиясынын жетекчиси Робахон Махмудова жана Өзбекстан Экологиялык партиясынын жетекчиси Абдушукур Хамзаев 27-октябрдагы шайлоо алдындагы кырдаал жана шайлоодон күтүүлөр тууралуу миссияга маалымат беришти. Миссия таза жана ачык шайлоо өткөрүүдө ийгиликтерди каалады. ТҮРКПАнын Шайлоого байкоо жүргүзүү миссиясынын курамына Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Түркиянын парламентарийлери – Ахлиман Амирасланов жана Агалар Велиев (Азербайжан), Кудайберген Бексултанов (Казакстан), Азизбек Турсунбаев (Кыргызстан), Осман Местен, Махмут Рыдван Назырлы, Кадим Дурмаз, Харун Өзгүр Йылдызлы, Филиз Кылыч, Омер Фарук Гергерлиоглу (Түркия), ТҮРКПАнын Башкы катчысы Мехмет Сурея Эр, парламенттик кызматкерлер жана ТҮРКПА Катчылыгынын башка өкүлдөрү кирген. Миссияны Түркиянын Улуу Улуттук Жыйынынын мүчөсү Осман Местен жетектеди.