ТҮРКПА саламаттык сактоо маселелери боюнча Парламенттердин Комитеттеринин Башчылары менен жолугушуу өткөрдү
Дата
Көрүү
114
2020-жылы 17-сентябрда ТҮРКПА Түркия Республикасынын Улуу Улуттук Ассамблеясынын жардамы менен мучө-мамлекеттердин Парламенттик Комитеттердин Башчыларынын видео-конференция форматында «Covid-19 пандемиясы: анын таасири жана келечек көрүнүшү» боюнча жолугуушуну өткөрдү.
Азербайджан, Казакстан, Кыргызстан, Түркия жана Өзбекстан Парламенттердин Саламаттык сактоо Комитеттеринин Башчылары жана мүчөлөрү, ТҮРКПА Катчылыгынын өкүлдөрү белгиленген иш-чарага катышышты. Жолугушууну Түркия Улуу Улуттук Жыйынынын Саламаттык сактоо, үй-бүлө, эмгек жана социалдык маселелер боюнча Комиссиясынын Төрагасы Реджеп Акдаг мырза алып барды.
Иш-чаранын ачылыш аземинде парламенттердин тиешелүү комитеттеринин башчылары, ошондой эле ТҮРКПАнын Баш катчысы Алтынбек Мамаюсупов жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Усенбаев сөз кармашты. Ачылыш аземинен кийин Комиттердин мүчөлөрү негизги тема боюнча сөз айтышты.
Видео-жолугушуу учурунда катышуучулар COVID-19 пандемиясы саламаттык сактоо системасына жана кызматкерлерине кандай таасир этти жана өз өлкөлөрүндө кандай эрте эскертүү иш-чаралар көрүлгөнүн жөнүндө талкуулашты. Ошондой эле келечек кызматташуунун артыкчылык чөйрөлөрү, ыкмасы жана механизми жөнүндө ой пикирлер айтылды.